KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев: Судьялардын ишинин сапатын кесиптик баалоо формалдуу жараян катары кабылданбашы керек

27 августа 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 27-августунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев судьялардын ишинин сапатын кесиптик баалоо маселесине арналган кеңешме өткөрдү.


Иш-чарага төраганын орун басарлары Нургуль Бакирова жана Шералы Камчыбеков, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы, Жогорку соттун судьясы Аида Сейдакматова, Жогорку соттун судьясы Инара Гилязетдинова, Аламүдүн райондук сотунун судьясы Айзада Исаева, төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов жана сот аппаратынын кызматкерлери катышты.


Кеңешменин жүрүшүндө Аида Сейдакматова Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатын кесиптик баалоо боюнча Комиссия жөнүндө Жобо тууралуу кеңири маалымат берди.


Талкуунун жүрүшүндө Медербек Сатыев белгилегендей, судьялардын ишинин сапатын кесиптик баалоо формалдуу процедура катары да, басым көрсөтүүчү курал катары да кабылданбашы керек. Ал, биринчи кезекте, судьяларды колдоонун, алардын күчтүү жактарын аныктоонун, ошондой эле кошумча билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу зарыл болгон багыттарды тактоонун механизми болушу зарыл.


«Жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатын кесиптик баалоо — бул сот системасынын кадрдык потенциалын системалуу өнүктүрүүгө жасалган кадам. Анын иши кесиптик даярдыкка болгон муктаждыктарды өз убагында аныктоого, билим менен көндүмдөрдүн деңгээлин объективдүү баалоого, ошондой эле жогорку кесипкөйлүгүн, адилеттүүлүк жана сот бийлигинин көз карандысыздыгы принциптерине берилгендигин көрсөтүп жаткан судьялардын кызматтык өсүшүн шыктандырууга өбөлгө түзөт.

Ишенем, биргелешкен аракеттерибиз менен биз сот бийлигинин кадыр-баркын бекемдөөгө, сапаттуу жана жоопкерчиликтүү судьялык корпусту калыптандырууга, ошондой эле Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгү принциптерин өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн таасирдүү инструментти иштеп чыга алабыз», — деди Жогорку соттун төрагасы.


Жыйынтыктап айтканда, система компетентсиз судьялардан тазаланып, сот адилеттигин сапаттуу, натыйжалуу жүргүзүүгө багытталган иш үзгүлтүксүз уланышы керектиги белгиленди.


Эскерте кетсек, өткөн жылдын декабрь айында судьялар менен болгон жолугушуулардын жүрүшүндө Медербек Сатыев кесиптештеринин көңүлүн жаңы мыйзам кабыл алынганына жана сот адилеттигин камсыз кылуудагы талаптар күн санап күчөй тургандыгына эске салган болчу.



Видео-блок

М. Сатыев: Судьялардын ишинин сапатын кесиптик баалоо формалдуу жараян катары кабылданб...
Жогорку сотто жарандар арасында жүргүзүлгөн көзкарандысыз сурамжылоонун жыйынтыктары уг...
Медербек Сатыев сот тутумун келе жаткан Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Бишкек шаарынын Административдик соту
Калыс сот – элдин тиреги

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...