Бүгүн, 2024-жылдын 21-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Медербек Сатыев аталган кеңештин мүчөлөрүнө кайрылып, судьяларды тандоо механизми, учурда орун алып жаткан көйгөйлөр, аларды чечүү жолдору туурасында талкуу жүргүздү.
“Кыргызда «Эшигин көрүп төрүнө өт» деген сөз жөн жерден айтылган эмес. Бул накыл кептин мааниси адамды же ишти баалоодо баштапкы таасир чоң роль ойной турганын баса белгилейт. Сот тутумунда бул принцип өзгөчө мааниге ээ, анткени сотторду тандоо жана дайындоо процесси сот адилеттигинин негизи болуп эсептелет.
Сотторду тандоонун сапаты – сот адилеттигинин сапатына түздөн-түз таасир этет. Эгерде тандоо процесси адилет, ачык жана калыс жүргүзүлсө, сот тутуму жарандардын ишенимине ээ болот жана чыныгы адилеттикти камсыз кылууга өбөлгө болору шексиз.
- Талапкерлердин компетенттүүлүгү
Сот болууга талапкердин кесиптик билими, иш тажрыйбасы жана мыйзамдуулук принциптерине берилгендиги жогору деңгээлде болушу керек.
2. Этика жана адеп-ахлак
Судьялар өзүнүн адилеттүүлүгү жана бийик адеп-ахлагы менен үлгү болушу керек. Бул өзгөчө элдин ишенимин камсыз кылуу үчүн маанилүү.
3. Тандоо процесси ачык болушу
Жарандык коом жана жалпы эл сотторду тандоо процессинин жүрүшүн байкап турууга мүмкүнчүлүк алышы керек. Бул ачык-айкындуулукту камсыз кылат жана жеке кызыкчылыктарды азайтууга жардам берет.
4. Коррупциянын алдын алуу
Тандоо жана дайындоо процесстеринде коррупциянын тамыр жайышына жол берилбеши керек. Бул үчүн көзөмөл механизмдери күчөтүлүп, мыйзамдар так аткарылышы шарт”, — деп белгиледи төрага.
Жыйындын жүрүшүндө аталган кеңештин мүчөлөрү судьялардын резервин түзүү, судьяларды окутуу, комплекстүү автоматташтыруу, судьялардын ишин баалоого байланышкан бир катар сунуш-пикирлерди айтышты.
Мындан тышкары биринчи жолу Жогорку соттун төрагасы өзү келип аталган кеңештин ишмердүүлүгүнө кызыгып, көйгөйлөрдү сурап жатканын айтышып, ыраазычылыгын билдиришти.
Белгилиүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык түзүлгөн, көз карандысыз коллегиялуу орган болуп саналат.
Кеңештин негизги милдети Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү судьяларынын бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоо, аларды дайындоого сунуштоо болуп саналат. Кеңеш 12 мүчөдөн турат.