KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев Чүй облусундагы курулуш иштери менен таанышты

14 октября 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 14-октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы Медербек Сатыев Чүй облусуна иш сапары менен барып, сот органдарынын административдик имараттарында жүрүп жаткан курулуш жана оңдоо иштери менен таанышты.


Бул текшерүү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2026-жылдын соңуна чейин сот имараттарындагы курулуш жана оңдоо иштерин толук бүтүрүү боюнча тапшырмасын аткаруу максатында жүргүзүлүүдө.


Иш сапардын жүрүшүндө Төраганы Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев коштоп жүрдү.

Иш сапардын алкагында Медербек Сатыев Ысык-Ата, Москва жана Сокулук райондорундагы курулуш объектилерин кыдырып көрдү. Натыйжада, Төрага тиешелүү түзүмдөрдүн жетекчилерине курулуш иштеринин сапатын жогорулатуу жана ыкчамдатуу боюнча бир катар тапшырмаларды жана сунуштарды берди.


Видео-блок

Медербек Сатыев Нарын областындагы соттор үчүн курулуп жаткан объектилерди текшерди
Соттордун Ысык-Көлдөгү "Фемида" пансионаты жана андагы келечек пландар
Катуу чаралар көрүлөт. Соттор боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы чыкты
Жогорку Сотто Пленум болду
Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот — тез, ыңгайлуу жана кагаз эсеп-дүмүрчөксүз

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...