2025-жылдын 16–17-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы Медербек Сатыев Ош жана Жалал-Абад облустарындагы соттордун административдик имараттарынын курулуш иштери менен таанышты.
16-октябрда Медербек Сатыев Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы райондук сотторунун курулуп жаткан объектилерин көрүп чыкты.
Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы соттун жаңы имаратын куруу үчүн 50 сотых жер тилкесин бөлүп берген. Анын 25 сотых жер тилкеси түздөн-түз курулушка пайдаланылып, калган бөлүгү инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.
Курулуш менен таанышуу маалында Медербек Сатыев имараттын долбоорун заманбап талаптарга ылайыкташтыруу боюнча бир катар көрсөтмөлөрдү берди.
Долбоорго ылайык, үч кабаттуу жаңы имарат курулууда. Анын долбоорунда коопсуздук, ыңгайлуулук жана жеткиликтүүлүк талаптары эске алынган.
Ала-Бука райондук сотунун курулушу менен таанышкандан кийин Төрага Аксы райондук сотунун имаратын курууга бөлүнгөн жер тилкесин көрдү.
17-октябрда Жогорку Соттун Төрагасы Ош облусунун Кара-Кулжа райондук сотунун административдик имаратынын капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Андан соң Медербек Сатыев Өзгөн райондук сотунун жаңы имаратынын пайдубалына капсула салуу аземине катышты. Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана сот корпусунун өкүлдөрү катышышты.
Капсула салуу аземинде Жогорку Соттун Төрагасы белгилегендей, жаңы имарат заманбап шарттарга жана эл аралык стандарттарга жооп берип, ачык, коопсуз жана ыңгайлуу сот процесстерин өткөрүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзө тургандыгын айтты.
“Жаңы имарат – жөн гана дубалдар менен чатыр эмес. Ал — жарандардын укуктарын коргоо, мыйзамдын күчүн жана адилет сот системасын чыңдоонун символу болот. Бул имаратта иштеген ар бир судья, ар бир кызматкер элге таза, калыс жана жоопкерчиликтүү кызмат кылууга милдеттүү.
Бул долбоор — мамлекетибиздин сот системасын жаңылоо, элге жакын, ачык жана натыйжалуу адилеттик институтун калыптандыруу жолундагы чоң кадам.
Убакыт өтүп, бул имарат ондогон жылдар кызмат кылат. Бирок биз бүгүн бул кадам менен келечекке ишеним жаратып жатабыз”, — деп белгиледи Медербек Сатыев.
Белгилей кетсек, бул сот имараты мурда бала бакчага таандык болуп, 1996-жылдын 9-июлундагы №284 токтомдун негизинде Өзгөн элдик сотунун балансына өткөрүлгөн. Ошондон бери бул жайда жүздөгөн сот кызматкерлери эмгектенип, миңдеген сот иштери каралды. Бирок ал заман талабына жооп бербей, кызматкерлердин иштөөсүнө да бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып келген. Ал эми мамлекет тарабынан түптөлүп жаткан жаңы сот имараты 6345,25 чарчы метр аянттагы жер участогунда жайгашып, жалпысынан 2760 чарчы метрди түзөт. Ал үч кабаттан жана жер төлөдөн турат. Анда элүүдөн ашуун бөлмөлөр, 8 сот залы, сыртта откана, үстү ачык автоунаа токтотуучу жай, даараткана курулуусу каралган.
Андан соң Төрага Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун жаңы имаратынын курулушу менен таанышты. Курулуш иштеринин мөөнөтүн подрядчы олуттуу түрдө бузгандыгына байланыштуу Медербек Сатыев Сот департаментинин директоруна бул жагдайды изилдеп, зарыл чараларды көрүүнү, анын ичинде келишимди бузуу мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.
Мындан тышкары, Төрага Ош шаарында курулушу пландалган Сот адилеттик үйү үчүн бөлүнүүчү жер тилкесин карап чыкты.