KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев Чүй облусуна болгон иш сапарынын жыйынтыгын чыгарды

31 января 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 31-январында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Чүй облусундагы жергиликтүү сотторго болгон иш сапарынын жыйынтыгын чыгаруу максатында Чүй облустук сотунун ишмердүүлүгү менен таанышты.


Жогорку соттун төрагасы апелляциялык инстанциянын судьялары жана сот аппараты менен жыйын өткөрүп, анын жүрүшүндө Чүй облустук сотунун төрагасы Керезбек Есекеев сот адилеттигин камсыздоонун сапаты, ошондой эле кызматкерлерди эмгек жана аткаруу тартиби тууралуу маалымат берди.


Жыйында сот кызматкерлеринин иш шарттары боюнча бир катар маселелер көтөрүлдү. Иш бөлмөлөрү  жетишсиз экени жана бир бөлмөдө бештен кызматкер иштөөгө аргасыз болуп жатканы маалымдалды. Керезбек Есекеев бул маселени буга чейин да көтөргөнүн жана Чүй облустук сотунун аймагында жаңы административдик имарат куруу мүмкүнчүлүгүн кароо боюнча Сот департаментине кайрылуу жөнөтүлгөнүн билдирди. Бирок, Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгынын жетекчиси Эмилбек Ачикеев жаңы имарат куруу маселеси азырынча чечиле электигин маалымдады. Буга байланыштуу, Медербек Сатыев бир айдын ичинде бул маселени чечүү жолдорун карап чыгууну тапшырды.


Жогорку соттун судьясы Кенешбек Токтомамбетов жергиликтүү соттор тарабынан кылмыш иштери боюнча кээ бир кемчиликтер жана каталар кетирилип жатканын белгилеп, судьяларды кылдаттык менен иш кароого чакырды. Ал мындай каталар жогорку инстанцияда соттук актылардын жокко чыгарылышына алып келээрин эскертти. Ошондой эле, жазык мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилип жатканын баса белгилеп, акыркы мезгилде Жогорку сот мыйзамдарды колдонууга байланыштуу 40ка жакын түшүндүрмө катттарды жергиликтүү сотторго  жөнөткөнүн маалымдады.


Жогорку соттун судьясы Айбек Молдакунов да жогорку сот инстанциясына келип түшкөн иштерди кароодо жергиликтүү соттор тарабынан кетирилип жаткан айрым мүчүлүштүктөрдү белгилеп өттү. Ал Жогорку соттун Пленумунун токтомдорун иш процессинде туура пайдалануу өтө маанилүү экенине көңүл бурду.


Медербек Сатыев Чүй облустук сотуна соттук тажрыйбаны жалпылоого өзгөчө көңүл бурууну тапшырып, буга чейин бул багытта жүргүзүлгөн иштер жетишсиз болгонун белгиледи. Ошондой эле, сот тутумунда коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбеши керек экендиги баса белгиленип, судьяларга кысым жасоо аракеттери болгон учурда дароо кабарлоо  керек экендигин айтты.


Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов өлкөдөгү  бардык соттордо жарандар арасында сурамжылоо жүргүзүү үчүн маалыматтык стенддер орнотулганын маалымдады. Сотко кайрылган жарандар уюлдук  телефон аркылуу QR-кодду колдонуп, өз пикирлерин билдире алышат. Бул сурамжылоонун жыйынтыктары сот тутумунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн маанилүү экендиги белгиленди.


 


Видео-блок

Карызы барлар өлкөдөн чыга албайт! Эмне кылуу керек?
Бишкек шаардык соту 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарды
Чүй облустук соту жыл жыйынтыгын чыгарды
Ош облусундагы жергиликтүү соттор жыл жыйынтыгын чыгарышты
Жалал-Абад облусундагы жергиликтүү соттор жыл жыйынтыгын чыгарышты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...