KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев сот тутумун санариптештирүү боюнча Координациялык топ түзүүнү тапшырды

13 марта 2025

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев 2025-жылдын 12-мартында сот тутумун санариптештирүү боюнча иш алып барган жумушчу топтордун мүчөлөрү менен жыйын өткөрдү.


Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев өзү жетектеген жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын алдындагы “Укук” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте 31-мартка чейин кылмыш сот өндүрүшүн санариптештирүү иштерин аяктоо алдында турганын маалымдады. Андан соң, Жогорку соттун судьясы Инара Гилязетдинова автоматташтырылган маалыматтык система “Сот” долбоорунун эки муунун ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу топтордун иш-аракеттерин кеңири баяндады.


Ошондой эле жыйындын катышуучулары Жогорку соттун Аппарат жетекчисинин бөлүм башчысы Алисбек Ибраимовду угуп, ал сот тутумунун маалыматтык-коммуникациялык инфраструктурасынын учурдагы абалы тууралуу маалымат берди.


Талкуунун жыйынтыгында Медербек Сатыев Координациялык топ түзүүнү жана кийинки жумада мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңейтилген жыйын өткөрүүнү тапшырды.


Жогорку соттун төрагасы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров сот тутумун тез арада санариптештирүү боюнча берген тапшырмасын эске салып, бул багытта иштерди кечиктирбестен ыкчам жүргүзүүнү буйруду.


Президент Садыр Жапаров судьялардын акыркы курултайында санариптик технологияларды киргизүү учурдагы эң актуалдуу талап экенин белгилеп, бирок сот тутуму көптөгөн мамлекеттик органдардан артта калып жатканын айтып өткөн. Ошондуктан электрондук сот өндүрүшүн тез арада ишке киргизүү жана маалыматтарга онлайн жеткиликтүүлүктү камсыздоо зарыл. Бул өзгөрүүлөр соттордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатып, жарандардын сот процессине катышуусун жеңилдетет. Ошондой эле сот ишине катышкан тараптар өз укуктарын кандай жол менен жана кайсы ыкма аркылуу коргой турганын тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек.


 



Видео-блок

Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот
Жаңы судьялар Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды
Н. Бакирова: "Бала укуктарын коргоо – Кыргызстандын сот тутумунун артыкчылыктуу багыты"
Сот тутумун санариптештирүү үчүн координациялык жумушчу топ түзүлдү
Судьяларды ротациялоо: Адилеттүүлүк жана натыйжалуулук үчүн механизм

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...