KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна барды

30 января 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 30-январында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна иш сапары менен барды.


Аламүдүн райондук сотунун төрагасы Саматбек Шералиев жыйындын жүрүшүндө соттун ишмердүүлүгү, адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана сот аппаратынын ишин жакшыртуу боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат берди.


Жогорку соттун төрагасы кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүү, сот иштери боюнча электрондук архивге өтүү жана эмгек, аткаруу тартибин катуу сактоо боюнча тапшырма берди.


Жыйындын жүрүшүндө Жогорку соттун судьялары Кенешбек Токтомамбетов жана Айбек Молдакунов биринчи инстанциядагы соттун документтерди расмий тариздөө иштериндеги айрым кемчиликтерге токтолуп, Аламүдүн райондук сотунун кызматкерлерине мыйзам талаптарын жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча нускамаларды так сактоо зарылдыгын белгилешти.


Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов республиканын сотторунда QR-код аркылуу сотко кайрылган жарандардын арасында сурамжылоо жүргүзүү үчүн маалыматтык стенддер орнотулуп жатканын маалымдады.


Жыйындан кийин Медербек Сатыев сот кызматкерлеринин эмгек шарттары менен таанышып, ал эми Чүй облустук башкармалыгынын башчысы Эмилбек Ачикеевге аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.


Видео-блок

Нургуль Бакирова БУУнун Качкындар иштери боюнча комиссарынын башчысы менен жолугушту
Судьялык кызматка тандоо кандайча жүрөт?
200 адамды сотко мажбурлап алып келгенбиз. Сот приставы эмне иш аткарат?
Сот тутуму менен Салык кызматы эмнени макулдашты?
Санариптештирүү – жарандар үчүн адилеттикке жол ачат

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...