2025-жылдын 23-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев башында турган делегация Бишкек шаарында жайгашкан Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинде болду.
Делегациянын курамына Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары Нурлан Мусаев жана Шералы Камчыбеков, ошондой эле Жогорку соттун судьялары, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова жана сот тутумунун санариптик өнүгүүсү боюнча координациялык жумушчу топтун жетекчиси Инара Гилязетдинова, ошондой эле төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов кирди.
Сапардын негизги максаты Кыргыз Республикасынын сот тутумун санариптештирүү багытындагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулоо болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин эки өлкөнүн сот тутумдарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешип, өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
«Кыргызстан менен Кытайды жакшы коңшулук мамилелер гана эмес, укуктук мамлекеттүүлүктү чыңдоого, мыйзамдын үстөмдүгүн жана адилеттикти камсыздоого болгон жалпы умтулуу дагы бириктирет. Биз Кытай кесиптештерибиз менен сот адилеттиги тармагында кызматташып, сот реформасы, санариптик чечимдерди киргизүү жана жарандардын укуктарын коргоо механизмдерин өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн жогору баалайбыз», — деди Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев.
Жолугушуу конструктивдүү жана достук маанайда өттү.