Бүгүн, 2025-жылдын 28-августунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Жогорку соттун судьялары менен аппарат кызматкерлерин келе жаткан Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
Өз сөзүндө Медербек Сатыев бул күн элибиздин эркиндикке, өз алдынчалыкка болгон умтулуусунун символу, тарыхый чечим кабыл алынган улуу күн экенин эске салды.
“Эгемендик — бул ар бир жарандын жүрөгүндөгү мекенчилдик сезим, келечекке болгон ишеним жана биримдиктин белгиси. Биз бул ыйык мурасты көздүн карегиндей сактап, келечек муундар үчүн татыктуу өлкө түзүүдө ар дайым бирге болууга милдеттүүбүз.
Ар бир укуктук мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү, элдин мыйзамга жана мамлекеттик институттарга болгон ишеними — бул түздөн-түз адилеттүү жана калыс иштеген сот бийлигине байланыштуу.
Сот системасы – жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун кепили болуп, мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылат. Коомдо мыйзамдуулук жана тартип орношу, тынчтык жана стабилдүүлүк болушу сот бийлигинин калыстыгына жараша болот.
Ошондуктан, адилеттүү сот – бул мамлекеттин пайдубалы. Ал эми сот тутумунун кызматкерлери ушул пайдубалды бекем кармаган негизги тиректер. Биздин милдет – мыйзамды сактап, элге калыс кызмат көрсөтүү менен мамлекеттүүлүктү бекемдөө болуп саналат.
Ушул улуу майрамда ар бириңиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо, тынчтык жана береке каалайм! Жергебизде тынчтык, эл ичинде ынтымак, үй-бүлөңүздөрдө бакубатчылык болсун!
Мекенибиз өнүгүп-өсө берсин, ар дайым бейпилдик жана жаркын келечек коштосун!”, -деп белгиледи Жогорку соттун төрагасы.
Андан соң төрага Кыргыз Республикасынын сот тутумуна сиңирген эмгеги, кызматтык милдеттерди үлгүлүү аткаргандыгы жана сот тутумун өнүктүрүүдөгү салымы үчүн бир катар судьялар жана сот тутумунун кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ведомстволук сыйлыктарын тапшырды.