KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев: Сот адилеттиги — бул жалаң гана мыйзамды колдонуу эмес, бул элдин ишенимин актоо, алардын үнүн угуу, көйгөйүн түшүнүү жана ыкчам жооп кайтаруу

09 октября 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 9-октябрында,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы Медербек Сатыевдин жетекчилиги астында  видеоконференц байланыш аркылуу   кеңешме болуп өттү.


Кеңешмеге Жогорку Соттун Төрагасынын орун басарлары жана судьялар, аймактардагы облустук, шаардык жана райондук соттордун төрагалары, Жогорку Соттун Төрагасынын кеңешчиси, Жогорку Соттун Аппарат жетекчисинин орун басары жана бөлүм башчылар, Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин, Сот системасын санариптик өнүктүрүү маселелери боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү, «Түндүк» ААКнын сот системасын санариптештирүү департаментинин өкүлдөрү катышышты.


Кеңешменин күн тартибинде  Кыргыз Республикасынын сотторунун ишмердүүлүгүн жарандар тарабынан тышкы баалоо системасын талкуулоо жана сот органдарын материалдык-техникалык жактан камсыздоонун учурдагы абалын  жана муктаждыктарын  талдоо боюнча эки маселе  каралды.


Төрага өз сөзүндө  сот системасын ачык, элге жакын жана ишенимдүү институт катары өнүктүрүү жолунда маанилүү кадамдардын бири болгон — жарандар менен байланыштын QR-код механизми боюнча алгачкы жыйынтыктарды талкуулоо үчүн бүгүнкү кеңешме өтүп жаткандыгын айтты.


Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылы бул механизм өлкөдөгү бардык соттордо ишке киргизилип, алты ай аралыгында практикалык түрдө колдонулуп келди. Анын ишинин жыйынтыгын баалоо, артыкчылыктарын жана көйгөйлүү жагдайларын аныктоо, ошондой эле мындан аркы өнүктүрүү багыттарын кароо тапшырмасы коюлган.


Анткени бул демилге – сот системасынын ачык-айкындуулугун жана коомдун ишенимин жогорулатуунун жаңы этабы болуп саналат.


Сот адилеттиги — бул жалаң гана мыйзамды колдонуу эмес, бул элдин ишенимин актоо, алардын үнүн угуу, көйгөйүн түшүнүү жана ыкчам жооп кайтаруу.


Жарандар менен түз байланыш механизми аркылуу биз коомдун сот бийлигине карата мамилесин, кайсы маселелер элди тынчсыздандырып жатканын жана кайсы багыттарда өзгөрүү зарылдыгын билүүгө мүмкүнчүлүк алабыз.


Демек, бул механизм формалдуулук же «галочка» үчүн киргизилген курал эмес. Бул — коомдун үнүн угууга жана жарандардын сот тутумуна болгон көз караштарын аныктоого арналган натыйжалуу инструмент.


Биз ар бир түшкөн пикирди жана сунушту кылдаттык менен изилдеп, ал боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алууга тийишпиз.


Бул иш сот тутумунун жоопкерчилигин гана эмес, анын жарандарыбызга болгон мамилесин көрсөтөт.


QR-механизм — бул кысым көрсөтүүчү же жазалоочу ыкма эмес. Ал — өнүгүүнүн, өзүн өзү баалоонун жана жакшыртуунун механизми экенин баса белгилеп кетүү зарыл.


Анын жардамы менен биз соттордо тартиптин деңгээлин, кызмат көрсөтүүнүн сапатын, кызматкерлердин жарандар менен баарлашуу маданиятын, ошондой эле сот имараттарындагы шарттардын абалын  билүү мүмкүнчүлүгүн алабыз. Демек, бул маалыматтар аркылуу сот системанын ички көйгөйлөрүн жана анын күчтүү жактарын реалдуу түрдө көрсө болот”, — деп белгиледи Медербек Сатыев.


Белгилүү болгондой, ушул жылдын февраль айында республика боюнча 72 сотко QR-коду бар маалымат такталары орнотулган. Жогорку Соттун Төрагасы Медербек Сатыевдин бул демилгеси сотторго кайрылган жарандардын шарттарын жакшыртуу максатында алардын пикирлерин түздөн-түз алуу мүмкүнчүлүгүн түздү.


Бүгүнкү кеңешмеде ушул жылдын февраль айынан август айына чейинки алты айдын аралыгында республика боюнча 221 жаран сурамжылоого катышып өздөрүнүн пикирлерин калтыргандыгы  маалымдалды.


Сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча Жогорку Соттун  Соттук тажрыйбаны жалпылоо, соттук статистиканы анализдөө жана Пленумдун ишин камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Камчыбек Бапаев  менен Соттук статистиканы анализдөө секторунун башчысы Марат Калчабаев  маалымат беришти.


Алардын маалыматы боюнча, QR-код аркылуу жарандар  сот органдарынын иши, соттук териштирүүлөрдүн жүрүшү, судьялардын кесипкөйлүгү, сот аппаратынын кызматкерлеринин мамилеси жана сот имаратынын шарттары тууралуу анонимдүү пикир калтырышкан.


Мындай  механизм соттордун ишинин сапатын жогорулатууга жана сот органдарынын ачыктыгын камсыздоого багытталган.


Сурамжылоонун жыйынтыгына караганда, «Соттук отурумдар өз убагында башталабы?» деген суроого жарандардын 42 пайызы гана «ооба» деп жооп берген.


Төрага Медербек Сатыевд QR-код механизми боюнча жаңы буйрукка кол койгондугун, ага ылайык , Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Соттук тажрыйбаны жалпылоо, соттук статистиканы анализдөө жана Пленумдун ишин камсыздоо бөлүмү жана облустук сотунун төрагалары квартал сайын Кыргыз Республикасынын сотторунун ишмердүүлүгүн жарандар тарабынан тышкы баалоо системасы боюнча алгачкы алынган маалыматтардын негизинде жыйындарды өткөрүп турушу керек.


Кеңешменин жүрүшүндө, мындан тышкары  сот органдарын материалдык-техникалык жактан камсыздоонун учурдагы абалын жана муктаждыктарын талдоо жана 2025-жылдын 9 айына карата бюджеттин аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин ресурстар башкармалыгынын материалдык-техникалык жактан камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Аида Осмонбекова маалымат берди.


Сот имараттарынын жана жылытуу системаларынын абалы, аймактардагы судьяларды кызматтык турак- жай менен камсыздоо маселелери, ошондой эле оңдоо иштеринин жүрүшү талкууланды.


Медербек Сатыев модернизациялоого муктаж болгон бардык сот имараттары боюнча инвентаризациялоо иштерин жүргүзүп, анын негизинде оңдоп-түзөтүү иштерине же болбосо жаңы имаратка муктаж болгон соттор аныкталса, аларды каржылоо боюнча сот тутумунун 2026 – жылга карата бюджетинин долбооруна сунуш берүүнү жергиликтүү соттордон талап кылды.


 



 


Видео-блок

Катуу чаралар көрүлөт. Соттор боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы чыкты
Жогорку Сотто Пленум болду
Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот — тез, ыңгайлуу жана кагаз эсеп-дүмүрчөксүз
Форум судей: Конституция гарантирует право на благоприятную окружающую среду
Жогорку сотто «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу боюнча иш чара болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...