2026-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев жетектеген делегация Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин жогорку сотторунун Экинчи конференциясына катышуу үчүн Астана шаарына келди. Бул конференция 19-июнда Түркстан шаарында өтөт.
Программанын биринчи күнүнүн алкагында Казакстан Республикасынын Президентинин резиденциясы — «Акорда» сарайында ТМУга мүчө мамлекеттердин жогорку сот органдарынын жетекчилеринин катышуусунда жогорку деңгээлдеги жолугушуу болуп өттү.
Ошондой эле Медербек Сатыев Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Асламбек Мергалиев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары Маргарита Мельникова жана Инара Гилязетдинова, Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Савитахун Исаков катышты. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кудайберген Базарбаев катышты.
Жолугушууну ачып жатып, Медербек Сатыев конференцияны жогорку деңгээлде уюштургандыгы жана ТМУга мүчө мамлекеттердин делегацияларына көрсөткөн жылуу кабыл алуусу үчүн казак тарапка ыраазычылык билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Казакстандын сот системаларынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, сот адилеттигин ишке ашыруу механизмдерин өркүндөтүү, сот ишмердүүлүгүнө санариптик технологияларды киргизүү, судьялык кадрларды даярдоо жана эл аралык сот аянтчаларындагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөө маселелерин талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Казакстандын сот системасын модернизациялоо, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө жана сот адилеттигин санариптештирүү багытында системалуу жана ырааттуу иш алып барып жатканын белгиледи.
«Биз Казакстан Республикасында “Адилеттүү Казакстанды” куруу алкагында жүргүзүлүп жаткан масштабдуу реформаларга өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Биз үчүн сот тутумун санариптештирүү, заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү жана сот администрлөөнү өркүндөтүү тажрыйбасы өзгөчө кызыкчылык жаратат. Бул процесстер сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү жогорулатууга жана жарандардын сот бийлигине болгон ишенимин бекемдөөгө чоң мааниге ээ», — деди Медербек Сатыев.
Тараптар электрондук сот адилеттигин киргизүү, заманбап санариптик кызматтарды колдонуу жана сот ишмердүүлүгүндө аналитикалык куралдарды пайдалануу маселелери боюнча пикир алмашты.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Кыргызстанда да сот адилеттигин санариптик трансформациялоо боюнча ырааттуу иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
«Кыргыз Республикасында санариптик сот адилеттигин өнүктүрүү боюнча системалуу иштер жүрүп жатат. Сот процесстеринин катышуучулары үчүн электрондук кызматтар иштейт, электрондук өз ара аракеттенүүнүн заманбап механизмдери киргизилүүдө, сот өндүрүшүнүн аралыктан жүргүзүлүү формалары өнүгүп жатат. Бирок санариптик технологиялар сот адилеттигин натыйжалуу кылуунун куралы катары гана каралат жана чечим кабыл алууда судьянын негизги ролун алмаштыра албайт», — деп белгиледи Төрага.
Жолугушууда ошондой эле инвесторлордун укуктарын соттук коргоо, инвестициялык сот адилеттигин өнүктүрүү жана укуктук аныктык кепилдиктерин бекемдөө маселелери талкууланды.
Медербек Сатыевдин айтымында, бүгүнкү күндө ТМУга мүчө мамлекеттердин сот системаларынын ортосунда тажрыйба алмашуу өзгөчө мааниге ээ.
«Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын жогорку сотторунун ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюму алкагындагы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маанилүү деп эсептейбиз. Сот адилеттигин санариптештирүү, судьялык кадрларды даярдоо, сот практикасынын бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жана инвесторлордун укуктарын коргоо жаатындагы тажрыйба алмашуу биздин мамлекеттердин сот системаларын өнүктүрүүгө жана мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө өбөлгө түзөт», — деп белгиледи Жогорку соттун Төрагасы.
Ошол эле күнү делегация Түрк мамлекеттер уюмунун Экинчи конференциясына даярдык көрүү боюнча жумушчу топтун жыйынына катышты.
Жыйында конференциянын күн тартиби жана программасынын долбоору, ТМУга мүчө мамлекеттердин жогорку сотторунун төрагаларынын биргелешкен билдирүүсүн даярдоо маселелери, ошондой эле 2027-жылы өтө турган Үчүнчү конференциянын өтүү орду боюнча сунуштар талкууланды.
Конференциянын негизги темалары катары ТМУ алкагында инвесторлордун укуктарын соттук коргоо, сот процесстерин санариптештирүү жана жасалма интеллект технологияларын киргизүү, ошондой эле жогорку сот инстанцияларынын ортосунда сот практикасын алмашуунун бирдиктүү онлайн платформасын түзүү маселелери каралары күтүлүүдө.
Конференциянын жыйынтыгында ТМУга мүчө мамлекеттердин жогорку сотторунун төрагаларынын Биргелешкен билдирүүсүнө кол коюу пландалууда. Бул документ сот органдарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана түрк мамлекеттеринин укуктук мейкиндигин өнүктүрүүгө багытталат.

