KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев  Конституциялык соттун 35 жылдыгына катышты

17 июня 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 17-июнунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Ысык-Көлдө өтүп жаткан «Жаңы демократиялык өлкөлөрдөгү конституциялык юрисдикциянын калыптанышы» деген темадагы эл аралык конференцияга катышты. Иш чара Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 35 жылыдыгына арналган.


Иш чарага ошондой эле Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов жана Жогорку сотттун Аппарат жетекчиси Сулайман Мыкыев катышты.


Аталган конференциянын ачылышында сөз сүйлөгөн  Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулушу жана эл аралык өкүлдөрдүн катышуусу Конституциялык соттун эл аралык аренадагы жогорку аброюнун  айкын далили катары сыпаттады.


Бүгүнкү форумга эл аралык деңгээлде кеңири өкүлчүлүктүн катышуусу, бир жагынан, ар түрдүү тарыхый жана укуктук тажрыйбасы мамлекеттердин конституциялык юстиция институтун өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө болгон умтулуусунун далили. Экинчи жагынан алганда, бул — биздин Конституциялык соттун чет өлкөлүк кесиптештер арасында  татыктуу түрдөгү таануулугунун жана урмат-сыйынын ачык көрсөтмөсү болуп саналат.


Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Конституциялык сот менен өз ара кызматташтыкты сот системасынын жалпы эффективдүү иштешинин кепилдиги катары карайт. Биз негизги багыттар болгон — адилеттүүлүккө, мыйзамдуулукка жана адам укуктарын коргоодогу берилгендикте биргебиз. Конституциялык сот конституциялык түзүлүштүн туруктуулугун камсыз кылып, өлкөнүн башка мамлекеттик органдары үчүн да маанилүү багыт көрсөтүүчү институт болуп эсептелет.


Мен бул конференция пикир алмашуу, практикалык тажрыйбаларды сунуштоо, биздин өлкөлөр туш болуп жаткан укуктук маселелер менен чакырыктарды талкуулоо аркылуу жөн гана юбилейлик иш-чара болбостон, биздин сот системаларыбыздын ортосундагы байланыштарды чыңдаган олуттуу интеллектуалдык жана кесиптик аянтчага айланат деп терең ишенем!”, — деп белгиледи Медербек Сатыев.


Аталган конференцияга он бештен ашуун  чет өлкөлөрдүн конституциялык көзөмөлдөө органдарынын жетекчилери менен өкүлдөрүнүн, ошондой эле эл аралык деңгээлдеги конституциялык укук боюнча эксперттер катышты.


Видео-блок

Судьялык кызматка тандоо кандайча жүрөт?
200 адамды сотко мажбурлап алып келгенбиз. Сот приставы эмне иш аткарат?
Сот тутуму менен Салык кызматы эмнени макулдашты?
Санариптештирүү – жарандар үчүн адилеттикке жол ачат
Алынган мүлктү онлайн сатуунун доору башталды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...