KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев жалпы республикалык кеңешмеге катышты

30 июня 2026

2026-жылдын 30-июнунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин, укук коргоо жана сот органдарынын жетекчилеринин катышуусунда жалпы республикалык кеңешме болуп өттү.


Кеңешменин ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы  Медербек Сатыев  катышты.


Ошондой эле  кеңешмеге   облустук соттордун  жана Бишкек менен Ош шаардык сотторунун төрагалары дагы катышты.


Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин өркүндөтүү, калктын көйгөйлөрүн жеринде ыкчам чечүү, ошондой эле мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү маселелери талкууланды.


Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана жарандардын кайрылууларын өз убагында кароону камсыз кылууга багытталган бир катар тапшырмалар берилди.


Видео-блок

М. Алиев: “Судьялар мыйзамга гана таянып иштөөгө милдеттүү!”
ЭлТР: Соттордун судьялык кызматына резерв түзүлөт
Президент: Элге шылтоо эмес, мыйзамдуу, өз убагында кабыл алынган адилеттүү чечим керек
Жергиликтүү бийликтин эл менен жолушуусу. Сот тутумуна карата суроолор...
Судьялар корпусуна жаңы 9 судья кошулду

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...