Бүгүн, 2024-жылдын 23-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Ош облусу боюнча иш сапарын Алай райондук сотунан улантып, төраганы Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев, Алай райондук сотунун төрагасы Майрам Оморова жана Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Динислам Кожоакматов тосуп алышты.
Иш сапарында төраганы Жогорку соттун судьясы Маргарита Мельникова жана төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов коштоп жүрүшөт.
Жогорку сот органынын башчысы сот жамааты менен кеңешме өткөрүп, анда сот адилеттигин ишке ашыруунун сапаты, сот чечимдеринин аткарылышы, сот аткаруучулар менен приставдар үчүн бардык мезгилдерге форманын бар экендиги жөнүндө сөз болду.
Белгилей кетсек, Алай райондук соту быйыл көчүп келген имарат 1982-1983-жылдары жол эксплуатациялоо жана курулуш башкармалыгындагы мекеме-ишканалар үчүн кеңсе катары курулган. Мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик актынын негизинде 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилген.
Алай райондук сотунун имаратын капиталдык оңдоого жалпысынан 28 млн сомдон ашык каражат сарпталды.
Бүгүнкү күндө административдик имаратта 25 кызматкер эмгектенет. Алар эки судьядан, жети аппарат кызматкеринен жана сегиз техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлеринен, ошондой эле үч сот аткаруучудан жана төрт сот приставдан турат.
Белгилей кетсек, ушул жылы көчүп кирген Алай райондук сотунун имараты 1982-1983-жылдары Жол эксплуатациялык башкармалыгы менен Курулуш башкармалыгынын мекеме-ишканалары үчүн кеңсе катары курулган. Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын балансына 2019-жылы мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик актынын негизинде өткөрүлүп берилген.
Аталган имараттын капиталдык оңдоо иштерине жалпысынан 28 млн сомдон ашык каражат жумшалган.
Бүгүнкү күндө административдик имаратта 25 кызматкер эмгектенет. Алардын ичинде эки судья, жети аппарат жана сегиз техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлери, ошондой эле 3 сот аткаруучу жана 4 сот приставы бар.