Урматтуу судьялар, сот тутумунун кызматкерлери жана юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү!
Сиздерди келе жаткан кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Юристтер күнү менен Жогорку соттун жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм!
Бул күн өмүрүн Мыйзамга ак кызмат өтөөгө, жарандарыбыздын конституциялык укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого арнаган бардык кесип ээлерин бириктирет. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу жана укук үстөмдүгүн камсыз кылуу – бул жөн гана кесиптик милдет эмес, мамлекетибиздин туруктуулугунун бекем пайдубалы, укуктук негиздерин чыңдоонун жана эгемен өлкөбүздүн көз карандысыздыгын бекемдөөнүн маанилүү шарты болуп саналат.
Юристтик кесип, айрыкча судьялык кесип өзгөчө кайраттуулукту, көз карандысыздыкты, объективдүүлүктү жана инсандык тазалыкты талап кылат.
Сиздердин терең билимиңиздер, мамлекеттик кызыкчылыкты бийик туткан жарандык позицияңыздар мындан ары да өлкөбүздө туруктуулукту, укук тартибин жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууга кызмат кылат деп ишенем.
Сиздерге чың ден соолук, түгөнгүс күч-кубат, кажыбас кайрат жана бакубат жашоо каалайм. Ардактуу кесиптик ишмердигиңиздер ар дайым калыстыктын, мыйзамдуулуктун үлгүсү болуп, элибиздин жана мамлекетибиздин өнүгүшүнө кызмат кыла берсин!

