KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан шайлоосунда добушун берди

30 ноября 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 30-ноябрында, эртең менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев академик Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин имаратында жайгашкан №1046 шайлоо участогунда добуш берди.


Төраганы окуу жайдын ректору Мирлан Дылдаев тосуп алып, шайлоо участогуна чейин коштоп барды.


«Мен азыр добуш берип чыктым. Шайлоо — бул ар бир жарандын мамлекеттеги жоопкерчилигин аткарган күнү. Биздин негизги максат — өлкөдө туруктуулукту, мыйзамдуулукту жана адилеттикти камсыз кылуу.


Ар бирибиздин тандообуз маанилүү. Ошондуктан жарандарды активдүү болууга, өз тандоосун жасоого чакырам. Таза ниет менен берилген ар бир добуш — мамлекеттин өнүгүүсүнө салым», — деп айтты жарандык милдетин аткарган төрага.


Белгилүү болгондой, бул шайлоодо алгач ирет дистанциялык добуш берүү механизми колдонулууда.


Дистанциялык добуш берүү — бул шайлоочу туруктуу катталган дарегиндеги участкага бара албаган учурда, шайлоо округунун чегинен чыкпастан, эң жакын шайлоо участогунда добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү ыкма.


Ошол эле учурда шайлоочу өзүнүн шайлоо округунда гана туруктуу каттоодогу участогунда добуш бере алат.


Республика боюнча жалпы 2492 шайлоо участогу, ал эми чет өлкөлөрдө 100 участок ачылды.


Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, контролдук тизмедеги шайлоочулардын жалпы саны 4 миллион 294 миң 243 адамды түзөт.


 


https://www.youtube.com/watch?v=IKJgqR_BLYM


Видео-блок

"Элдин ишенимин актагыла! "Ош облусу боюнча иштери жакшы жана начар судьялар аталды.
М. Сатыев Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгү менен таанышты
НОМАД ТВ: Судебная система Кыргызстана: от протоколов до цифровизации
Ала-Тоо 24: Сотторду тандоо жаатында кандай өзгөрүүлөр болду? Судьялар кеңешинин төрайы...
5-март — Кыргызстандын сот тутумунун кызматкерлеринин кесиптик майрамы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...