KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын жана Юстиция министрлигинин өкүлдөрү менен институционалдык жолугушуу өткөрдү

13 марта 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 13-мартында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрайымы Мейил Бегилерова жана Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков менен жолугушту.


Жолугушууга төраганын орун басарлары  Нурлан Мусаев, Шералы Камчыбеков, Нургуль Бакирова, төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Юстиция министрлигинин Нотариат, юридикалык жактарды каттоо жана апостилдөө башкармалыгынын башчысы Асель Абакырова, Юридикалык ишмердүүлүктү лицензиялоо жана стандарттар бөлүмүнүн башчысы Мелис Озеров, Адвокаттар кеңешинин төрайымынын орун басары Асель Джаманкулова жана Адвокаттар кеңешинин мүчөсү Айжан Кадыровалар катышышты.


Жолугушууда буга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Башкы прокуратура, Юстиция министрлиги жана Адвокатуранын ортосундасоттук териштирүүдө өз ара кесипкөй жоопкерчиликти  күчөтүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумга  кол коюлгандыгы  айтылды.


Меморандумдун алкагында  тараптар соттук териштирүүгө катышуучулардын өз ара кесиптик жоопкерчилигин киргизүү жана күчөтүү аркылуу сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатууну, жарандардын жана катышуучу юридикалык коомчулуктун жалпы маданиятын калыптандырууга багытталган бирдиктүү максатты көздөшкөн.


Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев сот адилеттүүлүгүн ишке ашырууда судья, прокурор жана адвокат негизги ролду ойной тургандыгын айтты. Бул үч институттун ар бири өзүнүн милдеттерин так жана мыйзам чегинде аткарганда гана адилеттүү сот процессин камсыздоого мүмкүн болот.


Бирок, бүгүнкү күндө айрым жактоочулар өз кызматын кыянаттык менен пайдаланып  “ортомчу” болуп, ортодо сотторду жаманатты көрсөтүп, адвокаттык кесипке көлөкө түшүрүп  жаткан учурлар болуп жаткандыгын белгиледи.


“Өз кардарларына туура эмес кеңеш берип, ишти атайылап создуктуруп,  сот процессине толук  кандуу даярдыкта келбеген учурлар дагы аз эмес.


Анткени, сот процессине келген тараптар сөзсүз биринчи кезекте жактоочунун квалификациялуу юридикалык жардамына муктаж экендиги талашсыз.


Өлкөдө мыйзамдардын кынтыксыз сакталышы, жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин натыйжалуу корголушу сиздердин компетенттүүлүккө, принципиалдуулукка жана калыстыгыңарга жараша болот.


Андыктан, Кыргыз Республикасынын Адвокаттар Кеңешин билимдүү, тажрыйбалуу жана абийирдүү кызматкерлер толукташы керек деп эсептейм”, — деп белгиледи Медербек Сатыев.


Жолугушуунун жүрүшүндө судьялар тарабынан дагы, жактоочулардан дагы катачылыктар кетип жаткан  учурлар бар экендиги айтылып, биргеликте көйгөйлөрдү чечүүнүн  үстүндө иш алып баруу керек экендиги айтылды.


Мындан тышкары, Адвокаттар кеңешинин төрайымы Мейил Бегилерова өткөн жылы  756 адвокаттардын лицензиясы алынгандыгын, 219 адвокаттыкы убактылуу токтотулуп,  5 миңден 2900гө чейин  кыскартылгандыгын айтты.


Катышуучулар ушундай платформадагы жолугушуу уюштурган үчүн Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевге ыраазычылык билдиришип, мындан ары дагы жигердүү кызматташууга даяр экендиктерин белгилешти.


Тараптар буга чейин кол коюлган меморандумдагы бардык милдеттенмелер толугу менен аткарылгандыгын белгилешип, жаңы меморандумдун долбоорун иштеп чыгууну  сунушташты.



Видео-блок

Президент: "Соттун таразасы калыс болсо, элдин ишеними бекем болот". Кыргыз Республикас...
Кыргыз Республикасынын судьяларынын XIII курултайы болуп өттү. Үч жылда эмнелер аткарылды?
Ар бир жаран соттордун ишине баа бере алат!
Сот бийлиги мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуусу керек. Жогорку соттун Пленуму
"Калыс сот - элдин таянычы". Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин Пленумдагы сөзү. (тол...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...