KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев Нарын облусундагы курулуш объектилерин текшерди

13 октября 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 13-октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы Медербек Сатыев курулуш иштери менен таанышуу максатында Нарын облусуна иш сапары менен барды.


Иш сапардын жүрүшүндө Төраганы Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин  директору Бакыт  Курманалиев коштоп жүрдү.


Жеринде  текшерүүнү жүргүзүүнүн себеби,  өлкө башчысынын 2026-жылдын аягына чейин соттордун административдик имараттарындагы курулуш жана оңдоо иштерин аяктоо тууралуу тапшырмасы болду.


Төрага Ат-Башы жана Кочкор райондорундагы курулуш объектилеринин абалы менен, ошондой эле Нарын шаарында курула турган Адилет үйүнө бөлүнгөн жер тилкеси менен таанышты.


Таанышуу учурунда жетекчилик тиешелүү түзүмдөрдүн башчыларына бир катар тапшырмаларды берип, айрым эскертүүлөрдү жасады.


Видео-блок

Медербек Сатыев Нарын областындагы соттор үчүн курулуп жаткан объектилерди текшерди
Соттордун Ысык-Көлдөгү "Фемида" пансионаты жана андагы келечек пландар
Катуу чаралар көрүлөт. Соттор боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы чыкты
Жогорку Сотто Пленум болду
Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот — тез, ыңгайлуу жана кагаз эсеп-дүмүрчөксүз

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...