Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Чүй облусундагы сотторго иш сапары менен барып, Жайыл райондук сотунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Жайыл райдук сотунун төрагасы Таалайбек Матенов соттун ишмердүүлүгү жана учурдагы көйгөйлөр туурасында маалымат берди. Мисалы ката электр жарыгы өчкөн учурд колдонулуучу генератордун жана архивариус үчүн сканер жоктугу айтылып, ошондой эле сот имаратына учурдагы оңдоо иштери талап кылынаары белгиленди. Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгынын башчысы Эмилбек Ачикеев аталган райондук сот кийинки айдын аягына чейин генератор жана сканер менен камсыздаларын, ошондой эле жыл ичинде ремонт иштери жүргүзүлө тургандыгын кошумчалады.
Сот кызматкерлеринин иш сапаты тууралуу сөз кылып, Медербек Сатьев сот кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, заманбап технологииларды кыргизүү жана иштерди өз убагында кароо сот тутумунун негизги багыттарынын бири экендигин билдирди.
Жергиликтүү соттордун ишинде жол берилип жаткан айрым кемчиликтер тууралуу Жогорку соттун судьялары Кеңешбек Токтомамбетов жана Айбек Молдакунов белгилеп, аларды сот практикасынан чыгарууну тапшырышты.
Жогорку сот органынын төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов катышуучулардын көңүлүн «Сот»автоматташтырылган маалыматтык тутумун туура колдонуу зарылдыгына бурду.
«Жарандардын соттордун ишине нааразылыгынын негизги себептеринин бири иштерди кароонун создуктурулушу, соттук актылардын өз убагында берилбегендиги, кызматкерлердин жарандарга орой мамиле жасагандыгы болуп саналат. Азыр күч — аракетти соттордун ишинин сапатын жогорулатуу үчүн соттордун ишиндеги кемчиликтерди жоюуга багыттоо зарыл«, — деди Медербек Сатыев.