KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев: Соттор электрондук архивге өтүүгө тийиш

24 января 2025

Бүгүн, 2025-жылдын  24-январында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Чүй облусуна болгон иш сапардын алкагында Сокулук райондук сотунда болду.


Төрага элдин сотторго көз карашы салкын болуп жаткандыгын айтып, сот актылары тараптарга өз убагында берилбей жаткандыгын айтты.


Сотко келген тараптарга орой мамиле жасалып, өз учурунда көчүрмөлөрү берилбей жаткандыгын сынга алды.


Мамлекет башчысы тарабынан сотторго жетишээрлик көңүл бурулуп жатат. Соттордон бир гана адилеттүүлүк талап кылынып жатат. Бирок, соттордон кайтарым болбой жатат. Тескерисинче кармалып жатышат”,-  деди Медербек Сатыев.


Сокулук райондук сотунун төрагасы  Абдуразак Боромбаев  учурда аталган райондук сотто 11 судья эмгектенип, ар бир  цивилист судьяга 100дөн  ашык иштерди кароо туура келип жаткандыгын айтты.


Медербек Сатыев аталган райондук соттун архивине кызыгып, иштер электрондук архивке өтө электигине нааразы болду.


Каралган иштер  электрондук архивке өтүшү керек эле. Силер болсо топтоп отурасыздар.  Электрондук архивке өткөрүү тапшырмасы  2021-жылы эле берилген. Андыктан, тез арада элетрондук архивке өткөрүшүңөр керек”, — деп белгиледи Медербек Сатыев.


Видео-блок

Президент: "Соттун таразасы калыс болсо, элдин ишеними бекем болот". Кыргыз Республикас...
Кыргыз Республикасынын судьяларынын XIII курултайы болуп өттү. Үч жылда эмнелер аткарылды?
Ар бир жаран соттордун ишине баа бере алат!
Сот бийлиги мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуусу керек. Жогорку соттун Пленуму
"Калыс сот - элдин таянычы". Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин Пленумдагы сөзү. (тол...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...