KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев Илимий- консультациялык кеңештин мүчөлөрү менен жолугушту

03 февраля 2025

Бүгүн, 3-февраль 2025-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Жогорку соттун алдындагы Илимий-консультациялык кеңештин мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү.


Төрага Кеңештин ар бир мүчөсүнүн ишмердүүлүгү Жогорку соттун Пленумунун ишинин натыйжалуулугуна түздөн-түз таасир этерин баса белгиледи. Анткени, өлкөнүн судьялары укукту колдонуу процессинде келип чыккан суроолоруна канчалык сапаттуу жооп алса, материалдык жана процесстик укуктун ченемдерин колдонуунун бирдиктүү тажрыйбасы ошончолук ийгиликтүү иштелип чыгат.


Медербек Сатыев билдиргендей, жакында эле жергиликтүү сотторго болгон иш сапарларында судьялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сот өндүрүшүнүн бардык тармактарында колдонууга байланыштуу соттук практика маселелери боюнча түшүндүрмөлөргө өтө муктаж экени айкын болду.


«Пленумдун ишин активдештирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Илимий-консультациялык кеңештин мүчөлөрү соттук практиканын материалдары изилденген жана жалпыланган отурумдарга дайыма катышып, негиздүү сунуштарды иштеп чыгып, ошондой эле Кеңештин ишин жаңы деңгээлге көтөрүү менен анын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизиши керек», — деп баса белгиледи Медербек Сатыев.


Жыйындын жүрүшүндө Кеңештин мүчөлөрү Пленумдун жаңы токтомдорун иштеп чыгуу, эскирген токтомдорду аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен кайра кароо, ошондой эле соттук коллегиялар тарабынан даярдалган токтомдорду кароону тездетүү маселелерин талкуулашты.


Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Илимий-консультациялык кеңеш Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  Регламентине жана ушул Жобого ылайык «Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын негизинде иштөөчү кеңеш берүүчү орган болуп саналат.


Кеңештин негизги милдети-сот практикасы үчүн мааниси бар маселелер боюнча илимий негизделген рекомендацияларды, ошондой эле соттордун укук колдонуу ишин жана мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо болуп саналат. Кеңеш сот адилеттигин ишке ашырууда мыйзамдуулукту бекемдөөгө көмөк көрсөтүүгө багытталган.


Кеңеш Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасынан, төраганын орун басарларынан жана судьяларынан, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынан, окумуштуу-юристтерден, укук коргоо органдарынын, юстиция органдарынын кызматкерлеринен, адвокаттардан, иштеп жаткан юристтерден түзүлүп, курамында 53 мүчө бар.



 


Видео-блок

Карызы барлар өлкөдөн чыга албайт! Эмне кылуу керек?
Бишкек шаардык соту 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарды
Чүй облустук соту жыл жыйынтыгын чыгарды
Ош облусундагы жергиликтүү соттор жыл жыйынтыгын чыгарышты
Жалал-Абад облусундагы жергиликтүү соттор жыл жыйынтыгын чыгарышты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...