KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту

05 ноября 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 5-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.


Жогорку соттун төрагасы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы тыгыз достук мамилелерди белгилеп, эки мамлекеттин жетекчилеринин кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүүгө багытталган ишмердиги, ошондой эле элчинин түздөн-түз колдоосу жана салымы менен эки өлкөнүн Жогорку сотторунун эки тараптуу кызматташтыгы активдүү өнүгүп жаткандыгын баса белгиледи.


«Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен Кытай Эл Республикасынын Элчилигинин кызматташуусу жаңы деңгээлге чыкты. Бирок биздин өз ара мамилелерибизди дагы ийгиликтүү жана натыйжалуу кылуу үчүн алдыда көптөгөн иштер турат», — деп билдирди Медербек Сатыев.


Жолугушуу учурунда Жогорку соттун төрагасы Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнге сот тутумунун өнүгүүсүнө кошкон зор салымы жана Кытай Эл Республикасынын Жогорку элдик соту менен тыгыз достук мамилелерди чыңдоого кошкон салымы үчүн «Кыргыз Республикасынын сот тутумуна 100 жыл» медалын ыйгарды.


Ошондой эле, тараптар сот системаларынын ортосундагы өз ара кызматташтыктын алкагында жаңы технологияларды колдонуу боюнча тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн жана башка багыттарын талкуулашты.


Өз кезегинде, Ду Дэвэнь эки мамлекеттин укуктук багыттагы байланыштары мындан ары бекемделе турганына жана эки өлкөнүн Жогорку сотторунун кызматташтыгы улана турганына ишенимин билдирди.


Видео-блок

МЕН СУДЬЯ. “Сот чыгарган чечимин түшүндүрүп берүүсү керек” - Аида Апысова
МЕН СУДЬЯ. Темирбек Ибраимов: "Бул менин сүйүктүү кесибим"
Биздин максат – адилет, ачык, калыс сот бийлигин түзүү. Жаңы жылдык куттуктоо.
Сот приставдарына жаңы автоунаалар берилди
М.Сатыев:"Жогорку айлык да, пара да алам десеңер терең жаңылышасыңар!"Нарын шаарындагы ...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...