KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев Түркиянын элчиси Мекин Мустафа Кемал Окем менен жолугушту

19 мая 2026

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустафа Кемал Окем менен жолугушуу өткөрдү.


Жолугушууга Жогорку соттун Төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов, ошондой эле Элчиликтин үчүнчү катчысы Мухтерем Өздинчер Акгюн катышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө Медербек Сатыев 1991-жылдын 16-декабрында Түркия Республикасы чет мамлекеттердин ичинен биринчилерден болуп Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын тааныганын белгиледи. Анын айтымында, бул тарыхый чечим кыргыз жана түрк элдеринин ортосундагы терең тарыхый жакындыкты жана бир туугандык мамилелерди тастыктаган.


«Бул кадам Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы достук мамилелердин жана стратегиялык өнөктөштүктүн бекем пайдубалын түптөп, саясий, экономикалык, маданий жана гуманитардык багыттардагы кызматташуунун ырааттуу өнүгүшүнө өбөлгө түздү.

Мамлекет башчыларыбыздын саясий эркинин аркасында өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтык жаңы мазмун менен толукталып, өз ара ишеним чыңдалууда. Бул интеграциялык процессте Түрк мамлекеттер уюму маанилүү аянтча болуп саналат», — деп белгиледи ал.


Жогорку соттун Төрагасы ошондой эле Кыргызстан менен Түркия сот жана укуктук тармактарды кошкондо бардык багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү ырааттуу түрдө чыңдап жатканын айтты.


Тараптар кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө байланышкан бир катар маселелерди талкуулашты. Атап айтканда, эки өлкөнүн судьяларынын ортосунда тажрыйба алмашууну үзгүлтүксүз уюштуруу, сот адилеттиги тутумуна санариптик чечимдерди киргизүү, ошондой эле инвестициялык талаштарды кароодо эл аралык стандарттарды камсыз кылуу маселелери сөз болду.


Мындан тышкары, Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби менен Түркиянын Юстиция академиясынын ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү, анын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, судьялар корпусунун квалификациясын жогорулатуу боюнча биргелешкен программаларды өткөрүү жана онлайн-окутууну өнүктүрүү зарылдыгы тууралуу дагы сөз болду.


Видео-блок

Как экономический суд СНГ помогает Кыргызстану и бизнесу?
Медиация: сотко жетпей чечилген талаштар
Возможности медиации: можно ли решить спор без суда?
Медербек Сатыев Кыргызстандагы БУУнун координатору Антье Граве менен жолугушту
В судах первой инстанции запущена система электронных уведомлений

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...