KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев Панфилов райондук сотунун жаңы административдик имараты курула турган жерде келечек кутучасын салды

24 апреля 2026

2026-жылдын 24-апрелинде Чүй облусунун Панфилов районунда райондук соттун жаңы административдик имаратынын курулушунун башталышына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Анын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев келечек кутучасын салуу аземине катышты.


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Турсунгүл Чаргынова, Жогорку соттун Төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Чүй облустук сотунун төрагасы Таалайбек Даркимбаев, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, жергиликтүү соттордун судьялары, сот тутумунун кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев, Панфилов районунун акими Бекмаат Масаидов, Кайыңды шаарынын мэри Рысбек Шейшенов, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, аксакалдар сотунун, курулуш тармагынын өкүлдөрү жана коомчулук катышты.


Өз сөзүндө Жогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыев бул окуя сот тутуму үчүн гана эмес, аймактын тургундары үчүн да маанилүү кадам экенин белгиледи. Анын айтымында, сот адилеттигинин сапаты мыйзамдардын мазмунуна гана эмес, алар ишке ашырылган шарттарга да түздөн-түз байланыштуу.


«Бул объекттин курулушунун башталышы — соттук реформанын алкагындагы маанилүү жана натыйжалуу кадамдардын бири. Жаңы имарат жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, сот отурумдарынын ачыктыгын камсыз кылган заманбап технологиялар менен жабдылат, ошондой эле сот кызматкерлеринин натыйжалуу иштөөсү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөт», — деп белгиледи  Медербек Сатыев.


Төрага заманбап талаптарга жооп берген сот имаратын куруу жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин бекемдөөгө, ачыктыгын камсыз кылууга жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган маанилүү чара экенин кошумчалады.


«Бүгүн салынган келечек кутучасы — бул биздин мыйзамдуулукка, адилеттүүлүккө жана өнүгүүгө болгон берилгендигибиздин символу. Биз келечек муундарга күчтүү, көз карандысыз жана адилеттүү сот тутумун калтырууга умтулабыз», — деп баса белгиледи ал.


Ошондой эле курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аяктоо негизги талап болуп саналары белгиленип, долбоорду ишке ашырууга катышып жаткан бардык тараптарга ыраазычылык билдирилди.


Өзгөчө Төрага куруучуларга ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылып жаткан бул долбоордун ийгиликтүү жүрүшүнө алардын кошкон салымын белгиледи. Төрага курулуш иштери белгиленген мөөнөттө — ушул жылдын аягына чейин аяктайт деген ишенимин билдирди.


Белгилей кетсек, Панфилов райондук сотунун жаңы имаратынын курулушу үчүн бөлүнгөн жалпы аянты 2806,0 чарчы метр болгон жер тилкеси Кайыңды шаарынын муниципалдык органдарынын чечими менен мөөнөтсүз пайдаланууга берилген.


Имараттын жалпы аянты 1621,8 чарчы метрди түзөт.


Жаңы имарат Панфилов районунда сот адилеттигинин борборуна айланып, жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.


 


Видео-блок

В судах первой инстанции запущена система электронных уведомлений
Соттордо электрондук билдирүү берүү тутуму ишке киргизилди
Панфилов районунда жаңы сот имаратынын пайдубалына капсула салынды
Кыргызстандын сотторунда электрондук билдирүү системасы ишке кирүүдө
УТРК: Алимент маселеси – бүгүнкү күндүн чындыгы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...