KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев «Сот 2.0» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун жазык иштери боюнча бөлүгүн техникалык жүзөгө ашыруунун жүрүшү тууралуу отчётту укту

17 апреля 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 17-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Жогорку сот менен Башкы прокуратуранын ортосунда түзүлгөн Меморандумдун алкагында «Сот 2.0» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун жазык иштери  боюнча жүргүзүлгөн алгачкы иштердин жыйынтыгы талкууланды. Сот системасы менен көзөмөл органынын жумушчу топторунун жолугушуусу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин төрагалыгы астында өттү.


Жогорку соттун төрагасына Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ортосунда түзүлгөн өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу тууралуу Меморандумдун негизинде, кылмыш иштери боюнча материалдарды «Бирдиктүү кылмыштар жана жоруктар реестри» автоматташтырылган маалыматтык тутумунан «Сот 2.0» тутумуна электрондук жол менен өткөрүп берүү механизмин ишке киргизүү боюнча жасалган иштер жөнүндө маалымат берилди.


Иш-чарага жумушчу топко кирген Кыргыз Республикасынын судьялары, «Адилет сот» МТМ өкүлдөрү, Башкы прокуратуранын жана «Укук» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү катышты.


Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө Башкы прокурордун орун басары Үмүт Конкубаева «Укук» мамлекеттик ишканасы тарабынан аткарылган иштер тууралуу Медербек Сатыевге маалымат берди. Жогорку соттун судьясы Инара Гилязетдинова эки тутумдун ийгиликтүү интеграциясын камсыздоо үчүн иштеп чыгуучулар алдында турган бир катар милдеттерге токтолду.


Катышуучулар долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышын камсыздоочу артыкчылыктуу багыттарды аныктап, жетишилген жыйынтыктарды кеңири талкуулашты.


Эске салсак, 2025-жылдын 20-февралында жазык сот өндүрүшүнө маалыматтык технологияларды киргизүүнүн зарылдыгы жана маанилүүлүгүнөн улам, ошондой эле «Сот 2.0» автоматташтырылган маалыматтык тутуму менен «Бирдиктүү кылмыштар жана жоруктар реестри» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун натыйжалуу интеграциясын камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасында жазык сот өндүрүшүнүн алкагында санариптик чечимдерди иштеп чыгуу, киргизүү жана өнүктүрүү иштери жүрүүдө.


Видео-блок

Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот
Жаңы судьялар Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды
Н. Бакирова: "Бала укуктарын коргоо – Кыргызстандын сот тутумунун артыкчылыктуу багыты"
Сот тутумун санариптештирүү үчүн координациялык жумушчу топ түзүлдү
Судьяларды ротациялоо: Адилеттүүлүк жана натыйжалуулук үчүн механизм

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...