KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев Баткен облусундагы соттордон өткөн жылы аткарган иштер боюнча отчет алды

04 февраля 2025

Бүгүн,  2025-жылдын 4-февралында,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусу менен  Баткен облусунун жергиликтүү соттору жыл жыйынтыгын  видео конференц байланыш  аркылуу чыгарышты.


Онлайн жыйынга төраганын орун басарлары Нурлан Мусаев, Нургуль Бакирова, Шералы Камчыбеков, ошондой эле төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Сот департаментинин директорунун орун басары Канатбек Осмонов, Жогорку соттун  Соттук тажрыйбаны жалпылоо жана соттук статистиканы талдоо бөлүмүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу  Камчыбек  Бапаев катышышты.


Кеңешмени Баткен облустук  сотунун төрагасы Алмазбек Апышев ачып,  күн тартибиндеги карала  турган маселелерди белгиледи.


Алгач, Баткен облустук сотунун кылмыш жаза иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча төраганын орун басары Азамат Алдашов, жарандык жана экономикалык иштер боюнча төраганын орун басары Кундуз Абышова жана административдик иштер боюнча төраганын орун басары Наргиза Кувандыкованын баяндамалары угулуп,   айрым кемчиликтер  боюнча   жүргүзүлгөн анализдер да ортого салынды.


Жыйындын жүрүшүндө белгилүү болгондой, 2024-жылы Баткен облусунун биринчи инстанциядагы соттору тарабынан жалпысынан 7670 иш жана соттук материалдар каралып, 2023-жылга салыштырмалуу 16,4% га көп каралган. Анын ичинен 534 иш апелляциялык тартипте даттанылып (2023-жылы 429 иш жана соттук материалдар даттанылган), бул 19,7% га көп.


Ал эми  апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан  2024-жылы  жалпысынан 534 иш каралып, 178 иш же 33,3% кассациялык тартипте даттанылган. Кассациялык тартипте даттанылган иштерден 134 иш же болбосо 75,28% өзгөртүүсүз калтырылып, 2023-жылга салыштырмалуу көрсөткүч 4,79 пайызга жогорулаган.


Баткен облустук сотунун төрагасы Алмазбек Апышев өзүнүн корутунду сөзүндө облустагы соттордун  ишмердүүлүгү боюнча жалпы маалымат берип,  кемчиликтерди кайталабоону, жетишкен  саамалыктарды мындан ары да бекемдөөнүн жагдайларына токтолду.


Төрага жакында эле Баткен облусундагы жергиликтүү сотторду кыдырганда бир катар маселелерди жеринде көтөрүп, берилген тапшырмалардын аткарылышын сурады. Алардын ичинде  чыгарылган чечимдердин жокко чыгарылышы же  кайра каралышы боюнча анализ жүргүзүүнү тапшырган.  Мындан тышкары  мөөнөттөрү бузулган иштер боюнча  тийиштүү чаралардын көрүлүшүн   жана   судьялар чыгарган чечимдери боюнча тараптарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсүн талап кылган.


Бул тапшырмалар боюнча  Баткен облустук сотунун төрагасы Алмазбек Апышев маалымат берди.


Медербек Сатыев  ошондой эле Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынан дагы жеринде барганда бир айлык мөөнөт   берген тапшырмалардын аткарылышын сурады.


Жогорку соттун төрагасы Баткен облусу боюнча 2024-жылдын  отчеттук жыйынтыктарын 2025-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун жыйналышында  айтыла тургандыгын билдирди.



Видео-блок

Карызы барлар өлкөдөн чыга албайт! Эмне кылуу керек?
Бишкек шаардык соту 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарды
Чүй облустук соту жыл жыйынтыгын чыгарды
Ош облусундагы жергиликтүү соттор жыл жыйынтыгын чыгарышты
Жалал-Абад облусундагы жергиликтүү соттор жыл жыйынтыгын чыгарышты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...