Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясы Индира Джунушалиева менен маек
– Индира айым, акыркы жылдары медиация тууралуу көп айтылып жатат. Алгач окурмандарга медиация деген эмне экенин түшүндүрүп берсеңиз?
– Медиация – бул талашып жаткан тараптардын көз карандысыз ортомчу, башкача айтканда медиатор аркылуу өз ара алгылыктуу чечимге келүү процесси. Медиациянын негизги өзгөчөлүгү – медиатор тараптардын ордуна чечим чыгарбайт жана кимдин туура же туура эмес экенин аныктабайт. Ал эки тараптын сүйлөшүүсүнө шарт түзүп, пикир келишпестикти тынчтык жолу менен жөнгө салууга көмөктөшөт. Эң негизгиси, чечимди тараптар өздөрү кабыл алышат.
– Медиация эмне үчүн бүгүнкү күндө өзгөчө мааниге ээ болуп жатат?
– Азыркы учурда жарандар талаш маселелерди чечүү үчүн көбүнчө сотко кайрылышат. Бирок соттук териштирүүлөр белгилүү бир убакытты, каражатты жана күч-аракетти талап кылат. Медиация болсо маселени кыска мөөнөттө, аз чыгым менен чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, тараптардын ортосундагы мамилени сактап калууга жардам берет. Ошондуктан дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө медиация талаштарды жөнгө салуунун натыйжалуу механизми катары кеңири колдонулуп келет.
– Медиациянын негизги артыкчылыктары кайсылар?
– Медиация убакытты үнөмдөйт, чыгымдарды азайтат жана процесстин купуялуулугун камсыздайт. Ошондой эле соттук териштирүүгө салыштырмалуу ыкчам жүргүзүлөт. Эң маанилүү артыкчылыгы – тараптар бири-бири менен тил табышып, өз ара түшүнүшүүгө жетишет. Натыйжада алардын ортосундагы мамиле бузулбайт.
Мисалы, кошуналар жер тилкесинин чеги боюнча талашып калса, сотко кайрылуу узак убакытка созулушу мүмкүн. Ал эми медиатордун жардамы менен сүйлөшүп, бир пикирге келишсе, убакыт да, каражат да үнөмдөлөт. Андан тышкары кошуналык мамиле сакталат.
– Үй-бүлөлүк талаштарда медиациянын ролу кандай?
– Үй-бүлөлүк талаштарда медиациянын мааниси абдан чоң. Айрыкча жубайлардын ажырашуу маселелеринде, балдардын ким менен жашай турганын аныктоодо же алимент боюнча пикир келишпестиктер жаралганда медиация жакшы натыйжа берет.
Сот мыйзамдын негизинде чечим чыгарат. Ал эми медиацияда ата-эне баланын кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, өз ара макулдашууга келе алышат. Мындай чечимдер көбүнчө туруктуу болуп, кийин кайрадан талаш жаралуу коркунучу азаят.
– Медиация бизнес чөйрөсүндө дагы колдонулушу мүмкүнбү?
– Албетте. Коммерциялык талаштарды жөнгө салууда медиация өзүнүн натыйжалуулугун далилдеп келет. Мисалы, эки компаниянын ортосунда келишим боюнча пикир келишпестик жаралса, соттошуу алардын өнөктөштүк мамилесинин үзүлүшүнө алып келиши мүмкүн. Ал эми медиация аркылуу маселе чечилсе, тараптар кызматташууну улантып, эки тарап тең пайда көрөт.
Өнүккөн мамлекеттерде коммерциялык талаштардын олуттуу бөлүгү дал ушул медиация аркылуу чечилет.
– Медиация кыргыз элинин салттарына канчалык жакын?
– Чындыгында медиация биздин элибиз үчүн таптакыр жаңы түшүнүк эмес. Илгертеден эле аксакалдар, бийлер жана уруу башчылары жаңжалдашкан тараптарды элдештирип, маселени тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылышкан. Алардын негизги максаты жеңүүчү менен жеңилгенди аныктоо эмес, ынтымакты сактоо болгон.
Бүгүнкү медиация ошол эле принциптерди заманбап укуктук механизмдер менен айкалыштырып жатат десек жаңылышпайбыз.
– Медиация соттун ордун баса алабы?
– Жок, медиация соттун ордун алмаштырбайт. Ал сот адилеттигинин маанилүү өнөктөшү болуп саналат. Эгер тараптар медиация аркылуу макулдашууга келе алышпаса, алар сотко кайрылуу укугун сактап калышат. Бирок көп учурларда медиация талашты баштапкы баскычта эле жөнгө салууга мүмкүндүк берет.
– Сиз судья катары медиацияны колдонуу боюнча кандай тажрыйбага ээ болуп жатасыз?
– Судья катары мен талаштын мүнөзүнө жараша тараптарга медиациянын мүмкүнчүлүктөрүн сөзсүз түшүндүрүүгө аракет кылам. Эгерде иш медиация аркылуу жөнгө салынышы мүмкүн болсо, келген тараптарды медиаторлорго кайрылууга багыттайм. Анткени айрым учурларда адамдар соттук териштирүүгө чейин эле сүйлөшүү жолу менен орток пикирге келе алышат.
Практика көрсөткөндөй, өз ара түшүнүшүү менен жетишилген чечимдер көбүнчө туруктуу болуп, тараптардын мамилесин сактап калууга жардам берет. Ошондуктан медиацияны талаштарды жөнгө салуунун натыйжалуу жана заманбап жолу катары баалайм. Тараптардын убактысын, каражатын үнөмдөп, алардын ортосундагы ынтымакты сактоого шарт түзгөндүктөн, мүмкүн болгон учурларда медиаторлордун кызматынан пайдаланууну сунуштайм.
– Маегиңиздин соңунда жарандарга кандай кайрылуу жасайт элеңиз?
– Ар бир талаш сөзсүз түрдө сот залында чечилиши керек эмес. Кээде бири-бирин угуу, сүйлөшүү жана түшүнүшүү эң туура чечим болуп калат. Медиация – жарандардын убактысын, каражатын үнөмдөөгө, коомдогу ынтымакты бекемдөөгө жана укуктук маданиятты жогорулатууга кызмат кылган натыйжалуу институт.
Элибизде «Ынтымак бар жерде – ырыс бар» деген жакшы сөз бар. Медиация дал ошол ынтымакка жетүүнүн заманбап жана натыйжалуу жолу болуп саналат.
Маектешкен Чынара Калматова.

