KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу чаралары күчөтүлөт

27 апреля 2026


Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында кеңейтилген кеңешме өткөрүлдү. Кеңешменин күн тартибинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу, балдардын укуктарын коргоо жана жашы жете электердин эрте никеге туруусун азайтуу маселелери каралды.





Иш-чарага Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Бактыбек Осмонов, райондук соттун төрайымы Аида Талантбекова, район прокурору Курсантбек Каримов, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Шабданбек Илимгазиев, ошондой эле тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жооптуу катчылар, мектеп директорлору, ички иштер органдарынын кызматкерлери, дин өкүлдөрү жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.


Кеңешменин жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин учурдагы абалы талкууланып, жашы жете электердин эрте никеге туруусун азайтуу боюнча маалыматтар угулду. Бул багыттагы иштер мындан ары да улантылып, коомдогу үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана балдардын укуктарын коргоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калмакчы.




Видео-блок

Аида Сейдакматова приняла участие в четвертом заседании председателей судебных советов ОТГ
Как экономический суд СНГ помогает Кыргызстану и бизнесу?
Медиация: сотко жетпей чечилген талаштар
Возможности медиации: можно ли решить спор без суда?
Медербек Сатыев Кыргызстандагы БУУнун координатору Антье Граве менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...