Бүгүн, 2025-жылдын5-февралында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда Ысык-Көл облусундагы жергиликтүү соттор жыл жыйынтыгын чыгарышты.
Видеоконференц байланыш аркылуу өткөн жыйынга Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев орун басарлары Нурлан Мусаев, Шералы Камчыбеков, Нургуль Бакирова, ошондой эле Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков, облустук соттун судьялары жана жергиликтүү соттордун төрагалары катышышты.
Нурлан Чериков жана анын орун басарлары өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча баяндама жасашты. Анда каралган иштердин саны, сот адилеттигин ишке ашыруу, иштерди кароонун сапаты жана судьялардын иш жүктөмдөрү боюнча статистикалык маалыматтар берилди.
Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын кылмыш-жаза жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча орун басары Зарипбек Аданбаев белгилегендей, 2024-жылга карата биринчи инстанциядагы соттордун отчёттору боюнча 2024-жылы жалпы 7047 кылмыш иши укук бузуу иштери ошондой эле соттук материалдар түшкөн.
Ал эми Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын жарандык жана экономикалык иштер боюнча орун басары Бакыт Калыковдун маалыматына ылайык, 2024-жылы биринчи инстанциялык сотторуна 10229 доо арыз, 1547 материал түшкөндүгүн айтты.
Ошондой эле, Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын административдик иштер боюнча орун басары Азамат Абдраимов белгилегендей, 2024-жылы Ысык-Көл облусунун административдик сотуна 390 административдик иш, 66 соттук материал түшкөн, анын ичинен 329 иш, 64 материал каралса, апелляциялык инстанцияда 140 административдик иш салыштырмалуу 12 % пайызга көп жана 11 соттук материал өткөн жылга салыштырмалуу 82% пайызга көп каралган.
Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары Актилек Рыскулов жакында төрага Медербек Сатыев иш сапар менен аталган аймакта болуп, анын учурунда коюлган тапшырмалар боюнча маалымат берди.
Актилек Рыскуловдун айтымында, Ак-Суу, Түп райондук сотторуна кошумча имарат куруу боюнча сметалар түзүлүп жаткандыгын айтты. Ошондой эле, жашыруун маалыматтар сактала турган бөлмөлөргө тиешелүү жабдыктарды орнотуу, сотторду генераторлор менен камсыз кылуу боюнча иш аракеттер көрүлүп жаткандыгын кошумчалады.
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев аталган аймактагы жергиликтүү сотторго кемчиликтерди жоюуга жана сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатууга, облуста бирдиктүү соттук практикага жетишүү боюнча иш аракеттерди көрүүнү тапшырды.