KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ош облусундагы жергиликтүү соттор жыл жыйынтыгын чыгарышты

06 февраля 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 6-февралында, Жогорку сотто Ош облусундагы жергиликтүү соттордун өткөн жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгаруу боюнча онлайн жыйын өттү.


Онлайн форматта өткөн жыйында Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев жана анын орун басарлары жергиликтүү соттордун иштерди кароодогу  сапаты боюнча маалымат берди.


Жыйында маалым болгондой,  Ош облусунун шаардык, райондук жана административдик соттору  тарабынан жыл ичинде жалпы 39734 иш келип түшүп анын ичинен 35076  иш каралган. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 3714 ишке көп.


Ал эми,  өткөн жылы мекеме-ишканаларга карата мыйзам бузууларды жоюу максатында шаардык жана райондук соттор тарабынан жалпысынан 180 жеке аныктама чыгарылган.


Жогорку соттун төрагасынын Кылмыш -жазык иштер боюнча орун басары  Нурлан Мусаев  айрым соттордо жеке аныктамалар  жок экендигин сынга алып, бул багытта жакшы көрсөткүч катары Ош шаардык соту менен Кара-Суу райондук сотторун атады.


Жогорку соттун төрагасынын  Административдик иштер боюнча орун басары  Нургуль Бакирова Ош облусунун Административдик соту  республикадагы соттордун ичинен эң көп  19 жеке аныктама чыгаргандыгын айтты.


Жогорку соттун төрагасынын  Жарандык жана экономикалык иштер боюнча орун басары Шералы Камчыбеков  2023-жылга салыштырмалуу  4 миңден ашык иш түшкөндүгүн айтып, иштерди кароодо сапатына  көңүл бурууга чакырды.


Сот департаментинин  Ош облустук башкармалыгынын башчысы Динислам Кожоакматов Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин аймакка болгон иш сапарында берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча маалымат берди. Ал жергиликтүү соттор мамлекеттик символдор менен толук камсыздалганын жана серверлер техникалык талаптарга ылайык жаңы жайларга жайгаштырылганын билдирди.


Ошондой эле Ош облусунда Сот адилеттик үйүн түзүү үчүн эски имараттын капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатканы белгиленди. Бул имаратта Ош облустук соту, Ош шаардык соту жана Административдик сот жайгашмакчы. Мындан тышкары, Кара-Суу  райондук сотунун имаратын оңдоо жана Өзгөн райондук сотунун жаңы имаратын куруу боюнча сметалар даяр экени маалымдалды.


Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси жергиликтүү соттор менен Жогорку сот үчүн 2025-жылга Медиа-план бекитилгенин белгиледи. Анын алкагында жергиликтүү соттордун басма сөз катчылары сот тутумунун ишин чагылдыруу жана көз карандысыз сот бийлигинин беделин көтөрүү боюнча активдүү иш алып барышы керек. Медиа-планды ишке ашырууга басма сөз катчылар жана облустук соттордун төрагалары жооптуу экенин эскертти.


Мындан тышкары, Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов Ош облусундагы бардык жергиликтүү соттордо жарандар арасында сурамжылоо жүргүзүү үчүн маалыматтык стенддер орнотулганын маалымдады. Сотко кайрылган жарандар уюлдук телефон аркылуу QR-кодду колдонуп, өз ойлорун билдире алышат. Ал сурамжылоонун жыйынтыктары сот системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана жарандардын сотторго болгон ишенимин бекемдөө үчүн маанилүү экенин белгиледи. Ошондуктан, жергиликтүү соттордун төрагалары сурамжылоонун жыйынтыктарын тыкыр көзөмөлдөп, терс көрүнүштөр аныкталса, ыкчам чара көрүүсү зарыл.


Ал эми  облустук соттун төрагасы Мирлан Боромбаев, Ош облусунун жергиликтүү сотторунун айрым иштерди кароодо алардын өзгөртүлүшүнүн жана бузулушунун себептери катары, бул материалдык жана процессуалдык нормалардын так сакталбагандыгы, мындан тышкары кылмыш-жаза иштери боюнча айыпталуучу менен жабырлануучулардын жарашуу келишимине келишкендиктери да кездеше тургандыгын белгиледи.


Кошумчалай кетсек, ушул жылдын апрель айында Жогоку соттун судьялары жергиликтүү сотторго барып  жеринде методикалык жана практикалык жардам көрсөтө тургандыктары маалым болду.



 


Видео-блок

Ар бир жаран соттордун ишине баа бере алат!
Сот бийлиги мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуусу керек. Жогорку соттун Пленуму
"Калыс сот - элдин таянычы". Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин Пленумдагы сөзү. (тол...
Карызы барлар өлкөдөн чыга албайт! Эмне кылуу керек?
Бишкек шаардык соту 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...