KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Мирлан Байышов Жалал-Абад облусунун Манас шаардык сотунун төрагасы болуп дайындалды

21 января 2026

2026-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин буйругу менен Манас шаардык сотунун төрагалыгына беш жылдык мөөнөткө Байышов Мирлан Байышович дайындалды.




Мирлан Байышов Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесине, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө»Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесине ылайык дайындалды.




2026-жылдын 20-январында Манас шаарынын Сот адилеттик үйүнүн жыйындар залында Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпара Сабырова соттун жамаатына Мирлан Байышовду тааныштырып, аны кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.





Видео-блок

М. Сатыев Чүй облусунун соттору менен жолугушту
Жогорку сот 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
"Элдин ишенимин актагыла! "Ош облусу боюнча иштери жакшы жана начар судьялар аталды.
М. Сатыев Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгү менен таанышты
НОМАД ТВ: Судебная система Кыргызстана: от протоколов до цифровизации

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...