KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыевдин Чүй облусуна болгон иш сапары башталды

23 января 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 23-январында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Чүй облусуна болгон иш сапарын Кемин райондук сотуна баруу менен баштады.


Иш сапарында төраганы Жогорку соттун судьялары Кенешбек Токтомамбетов жана Айбек Молдакунов, ошондой эле төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов коштоп жүрүшөт.


2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча, Кемин райондук сотунун төрайымы Нуржамал Артыкова ар бир судьянын адилеттикти камсыздоодогу ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди. Айтылган статистикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндүгүнө байланыштуу, Медербек Сатыев соттук актылардын кассациялык инстанцияда жокко чыгарылышынын себептерин тактады. Алсак, биринчи инстанциядагы судьяларга талдоо жүргүзүү жана адилеттүүлүктүн сапатын жакшыртуу боюнча иштерди улантуу тапшырмасы берилди.


Медербек Сатыев сот аппаратынын кызматкерлери менен жолугушуп, айрым кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга багытталган иш-чараларды өткөрүү боюнча көрсөтмөлөрдү берди.


2024-жылдын сентябрь айында сот имаратында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, терезелер жана имараттын чатыры алмаштырылган. Жыйындын жүрүшүндө бар болгон маселелер боюнча талкуу болуп, жылытуу тутумунун талаптагыдай иштебегендигине байланыштуу мешти сыртка чыгаруу зарылдыгы белгиленди. Чүй облустук Сот департаментинин башчысы Эмилбек Ачикеев өткөн жылы жылытуу тутумун оңдоо иштери бюджетке киргизилбегенин, ошол себептен оңдоо иштери быйылкы жылга пландалганын билдирди. Ушул маселе боюнча Медербек Сатыев сын-пикирин билдирип, кызматтык милдеттерге жоопкерчиликтүү мамиле кылууну талап кылды.


Жыйында Жогорку соттун төрагасы соттук актылардын аткарылышына да өзгөчө көңүл бурду. Кемин райондук сотунун улук сот аткаруучусу Азамат Чалбаевдин маалыматына ылайык, өткөн жылы чечимдердин 53% аткарылган.


Белгилей кетсек, Кемин райондук сотунда төрт судья эмгектенет.


Видео-блок

М.Сатыев Индияда өткөн дүйнөнүн башкы судьяларынын 26-Эл аралык конференциясына катышты
1 жыл. Медербек Сатыев 1-радионун «Таңкы Кыргызстан» берүүсүндө түз эфирде маек берди
Баңгизат каражаттары жана эмгектик укуктар боюнча Пленумдун токтомдору кабыл алынды. (Т...
Медербек Сатыев илимий-консультациялык кеңештин жаңы мүчөлөрү менен жолугушту
"Жети өлчөп бир кескиле!". М.Сатыев Ош областына иш сапары менен барды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...