KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү судьялары үчүн жарандык мыйзамдардын ченемдерин колдонуу маселелери боюнча семинар башталды

12 июня 2025

12-13-инюнда Ош шаарындагы Ош облустук сотунун имаратында (Муминова, 3 көч.) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү судьялары жергиликтүү судьялары үчүн жарандык мыйзамдарды колдонуудагы маселелери боюнча семинар өткөрүлүүдө.


Иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан «Бүтүмдөрдүн жараксыздыгы жөнүндө талаштарды кароонун өзгөчөлүктөрү. Бүтүмдөрдүн жараксыздыгынын кесепеттерин колдонуу», «Менчик укугу жөнүндө талаштарды соттордун кароосу. Ээлик кылуунун эскиргендиги. Бүтүмдөрдү жарактуу деп таануу. Ак ниет алуучунун укугун коргоо. Өзү билип менен курган курулушту бузуу» деген темаларда уюштурулду.


Семинардын максаты бүтүмдөрдү талашууга, менчик укугун коргоого жана кыймылсыз мүлккө байланыштуу талаш-тартыштарды чечүүгө тиешелүү жарандык мыйзамдардын ченемдерин колдонуу маселелеринде судьялардын квалификациясын жогорулатуу болуп саналат.


Лектор катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Мельникова Маргарита Павловна жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Давлетбаева Мадина Акремовна болушту.


Семинардын программасы:


12-июнь 2025 – жыл


М. П. Мельникованын лекциялары бүтүмдөрдүн жараксыздыгы жөнүндө иштерди кароонун өзгөчөлүктөрүнө, доолордун түрлөрүнө, бүтүмдөрдү жараксыз деп табуунун кесепеттерине, ошондой эле соттук териштирүүгө иштерди даярдоодогу типтүү каталар темаларына арналат. Иш-чаранын форматы лекциялык бөлүктүошондой эле практикалык тапшырмаларды аткаруу жана натыйжаларды талкуулоо менен чакан топтордо иштөөнү камтыйт.


13-июнь 2025 – жыл


М.А. Давлетбаева менчик укугун коргоо, анын ичинде мүлктү талап кылуу, сатып алуунун эскириши, бүтүмдөрдү анык деп таануу жана сот практикасынын башка актуалдуу аспектилери жөнүндө доолор боюнча темаларга токтолот.


Семинардын аягында катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.


Семинар судьялардын квалификациясын жогорулатуу программаларынын алкагында өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын шарттарында жарандык иштер боюнча бирдиктүү соттук практиканы түзүүгө багытталган.


Видео-блок

Судьялык кызматка тандоо кандайча жүрөт?
200 адамды сотко мажбурлап алып келгенбиз. Сот приставы эмне иш аткарат?
Сот тутуму менен Салык кызматы эмнени макулдашты?
Санариптештирүү – жарандар үчүн адилеттикке жол ачат
Алынган мүлктү онлайн сатуунун доору башталды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...