KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Футболдук турнирдин жеңүүчүлөрү сыйланышты

25 июня 2025

2025-жылдын 23-июнунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин  күнүнө карата мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, ишканалар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын арасында райондук акимдин кубогу үчүн кичи футбол боюнча турнир өткөрүлдү.


Турнирди Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы жана райондук жаштар иштери боюнча комитети уюштурушту. Жеңүүчү болгон командаларга дипломдор жана баалуу белектери тапшырылды.


Биринчи орунду жана турнирдин башкы байгесин Ноокен райондук сотунун командасы жеңип алды. Экинчи орун райондук мамлекеттик администрациянын командасына ыйгарылды. Үчүнчү орунду райондук ички иштер бөлүмүнүн (РОВД) командасы ээледи.


Мындан тышкары, турнирдин эң мыкты оюнчусу деп Ноокен райондук сотунун кызматкери Иззат Колдошев табылып, ардак грамота менен сыйланды.


Видео-блок

Жогорку сот 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
"Элдин ишенимин актагыла! "Ош облусу боюнча иштери жакшы жана начар судьялар аталды.
М. Сатыев Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгү менен таанышты
НОМАД ТВ: Судебная система Кыргызстана: от протоколов до цифровизации
Ала-Тоо 24: Сотторду тандоо жаатында кандай өзгөрүүлөр болду? Судьялар кеңешинин төрайы...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...