KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик»: сот системасынын кызматкерлерине юридикалык терминологияны кыргыз тилинде окутуу

25 июня 2026

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде жергиликтүү соттордун судьяларынын жардамчылары жана сот отурумунун катчылары үчүн Комплекстүү окутуу программасы өтүп жатат.


Окутуунун алкагында катышуучулар жарандык жана кылмыш-жаза иштери боюнча кыргыз тилиндеги юридикалык терминологияны өтүшүүдө.


Аталган тема 2025-жылдын 12-августуна Жогорку соттун Төрагасынын буйругу менен бекитилген «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңугужолу иш планын аткаруу максатында Сот адилеттигинин жогорку мектебинин Окуу планына киргизилген.


“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренесине ылайык  ченемдик укуктук актылар алар күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат жана аткарылууга жатат. Ага байланыштуу сот системасынын кызматкерлери мамлекеттик тилдеги ченемдик укуктук актылардагы юридикалык терминдерди жана түшүнүктөрдү туура колдонууга тийиш.


Юридикалык терминологияны бирдей түшүнүүнү жана колдонууну камсыз кылуу максатында катышуучуларга кызмат учурунда колдонууга зарыл болгон расмий булактар, ченемдик укуктук актылар, терминологиялык сөздүктөр жана атайын юридикалык адабияттар түшүндүрүлөт.


Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар процессуалдык документтерди түзүүдө көп кездешкен каталарды карап чыгышат, практикалык кейстерди талдашат жана кыргыз тилиндеги юридикалык терминологияны туура колдонуу көндүмдөрүн бекемдөөгө багытталган тапшырмаларды аткарышат.


Видео-блок

Судьялык кызматка талапкерлердин резерви түзүлөт
Алмаз Калыбаев Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды
Алмаз Калыбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болуп шайланды
УТРК Талас: Элдик жыйындарда 61 жаран сотко кайрылган
Сот тутумуна караштуу "Фемида" пансионатында жаңы инфраструктуралык долбоорлор ишке ашы...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...