KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин жаңы директору дайындалды

30 сентября 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 30-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасынын орун басары Шералы Камчыбеков менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Аппаратынын жетекчиси Сулайман Мыкыев Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин жамаатына жаңы директору — Курманалиев Бакыт Сабырбековичти тааныштырды.


Сот департаментинин директорун дайындоо «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, Судьялар кеңешинин макулдугу менен ишке ашырылды.


Бакыт Курманалиевдин мамлекеттик кызмат тутумунда тажрыйбасы мол. Ар кайсы жылдары ал мамлекеттик органдарда жооптуу кызматтарды ээлеп, учурдагы дайындоого чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Иш башкармасында эмгектенип келген.


Видео-блок

ОшТВ: Сот адилеттиги санариптешти: ачыктык жана жоопкерчилик
БИРИНЧИ РАДИО: Сот процесстерин санариптештирүү - ачыктык менен адилеттүүлүккө кепилдик
Жергиликтүү соттордун судьялары коммуникация боюнча окуудан өтүштү
Сот адилеттиги түз эфирде
ТРК "Мир": Онлайн-трансляции судебных заседаний запустили в Кыргызстане

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...