KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова «Үй-бүлө жана баалуулуктар» аттуу эл аралык симпозиумдун ишине катышты

26 ноября 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 26-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова Кыргыз-Түрк Манас Университети уюштурган II Эл аралык үй-бүлө жана баалуулуктар симпозиумунун ишине катышты.


Иш чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн Нургуль Бакирова «Үй-бүлө жана баалуулуктар» аталыштагы бул эл аралык симпозиум – бүгүнкү күндүн эң орчундуу маселелерин талкуулоого мүмкүнчүлүк берген өтө баалуу аянтча экендигин айтты.


Кыргызда жакшы сөз бар: «Үй-бүлө бекем болсо — өлкө бекем»  болот деген.


Анткени үй-бүлөдө гана адамдын мүнөзү калыптанат, нарк-насили бекемделет, адамгерчилиги өсөт. Үй-бүлө — бул тарбиянын алмашкыс чөйрөсү, баалуулуктардын бериле турган көпүрөсү, муундарды бириктирген руханий мурастын уясы.


Үй-бүлө бекем турган коомдо балдар ишеним менен чоңоёт, аялдардын укугу корголот, жаштар максаттуу болот, ата-энелердин жоопкерчилиги жогорулайт эмеспи. Натыйжада мындай коомдо мыйзам бузуулар азаят, социалдык туруктуулук күчөйт, мамлекеттик институттарга ишеним артат.


Биздин түрк боордошторубуз деле бул улуу түшүнүктү терең баалап келишет. Алар: «Aile, hayatın temeldir» – «Үй-бүлө – жашоонун негизи», – деп бекеринен айтышкан эмес. Бул эки элдин баалуулуктары бир нукта экенин тастыктап турат. Чынында эле, ар бир мамлекеттин өнүгүүсү үй-бүлөнүн тарбиясына, анын ичинде балдарга бериле турган адеп, ыйман, билим жана маданиятка түздөн-түз байланыштуу.


2024–2025-жылдары Үй-бүлө кодексине жана башка мыйзамдарга бир топ  өзгөртүүлөр киргизилип, балдардын укугун коргоо күчөтүлүп,  сот иштерин жүргүзүү жеңилдетилди.


Жалпы жашы жете элек балдары жок, эмгекке жарамдуу жана аракетке жөндөмдүү жубайлар өз ара макулдашуу боюнча  сотко кайрылбай эле медиация чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык медиация жол-жобосун жүргүзүү аркылуу өздөрүнүн талаш-тартыш маселелерин чечип алууга мүмкүнчүлүк алышты.


Балдарына алимент өндүрүү маселеси дагы  эгер аталык/энеликти аныктоо сыяктуу кошумча талаптар жок болсо, нотариус аркылуу чечилет. Бул ата-энелер үчүн убакытты  бир топ үнөмдөйт.


Ошондой эле коомубузда ата-энесин карабай, эмгекке жарамдуу балдар дагы учурап жатат.


Мамлекеттик же жергиликтүү бийлик органдары, ошондой эле социалдык кызмат, мамлекеттик кароодо турган жашы жеткен балдардын ата-энелерине жардам бербей жаткандыгы белгилүү болгон  учурда, сотко кайрылып, ата-энеге алимент өндүртүп берүүгө укуктуу.


Алимент төлөбөгөндөргө көзөмөл, мыйзам тарабынан күчөтүлдү. Мисалы,  сот аткаруучулар мындай адамдарды чет өлкөгө чыгуу укугунан же унаа айдоо укугунан убактылуу ажырата алышат.


Ажырашуулардын санынын өсүшү балдардын тарбиясына  терс таасирин берүүдө. 


Үй-бүлөлүк талаш-тартыштар – бул эң эмоционалдык жактан оор категориядагы иштердин бири.


2023-жылга караганда 2024-жылы никени  ажыратуу боюнча иштер бир  топ көбөйгөн. Демек, бул көрсөткүчтөр үй-бүлөнү сактоо багытындагы иштерди күчөтүү зарылчылыгын даана көрсөтөт.


Айтсак, соттор үй-бүлөлүк институтту бекемдөө жана аны сактап калуу багытында бир катар иштерди жүргүзүп келе жатышат. Бул жумуштар үй-бүлө мыйзамдарын өркүндөтүү, жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуу жана үй-бүлөлүк талаш-тартыштарды мүмкүн болушунча тынчтык жолу менен чечүүгө багытталган.


Практикада мунун айкын мисалы катары никени бузуу боюнча сот иштеринде судьялардын жараштыруу институтун активдүү колдонушун айтууга болот. Эгер жубайлар ажырашуу үчүн сотко кайрылса, судья аларга жарашуу мүмкүнчүлүгүн берип, мыйзамда каралган  мөөнөттү белгилейт. Бул мөөнөттүн ичинде тараптарга маселелерди талкуулоого, мамилелерди калыбына келтирүүгө жана үй-бүлөнү сактап калууга шарт түзүлөт.


Мындай ыкма  соттордун үй-бүлөлүк институтту сактоо, социалдык туруктуулукту камсыз кылуу жана балдардын укуктарын коргоо боюнча көрүп жаткан маанилүү чараларынын бири”, — деди Нургуль Бакирова.


Мындан тышкары, Жогорку соттун төрагасынын орун басары өзүнүн кесиптик тажрыйбасынан мисалдарды келтирип, үй-бүлөлүк талаш-тартыштарды караган учурда ажырашуу жолуна түшүп калган жубайларды мүмкүн болушунча жараштырып калууга аракет кылып келгенин белгиледи. Анын айтымында, мындай иштердин 70–80 пайызга жакыны кайрадан ынтымакка келип, никени сактап калуу менен аяктаган.


Симпозиумдун ишине Түркия, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түндүк Македония, Азербайжан, Нигерия жана Улуу Британиянын жогорку окуу жайларынын окумуштуулары жана октуучулары катышты.


Иш чара 26-27-ноябрь күндөрү болуп, жалпысынан 128 баяндама сунушталат.


Бул баяндамалардын 53ү Түркиядан, ал эми 75и башка өлкөлөрдөн келген изилдөөчүлөрдөн турат.


63 баяндама офлайн, ал эми 65и онлайн режиминде өткөрүлөт.


Симпозиумга жалпысынан 147 изилдөөчү катышат. Алардын 57си Түркиядан, ал эми 90у башка өлкөлөрдөн болот.


Симпозиумдун илимий жана калыстар комитетине Түркия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Германия, Түндүк Македония, АКШ жана Россиядан келген окумуштуулар кирген.


 


https://www.youtube.com/watch?v=4fW7JtnQufI


Видео-блок

Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары Фуцзянь провинциясынын прокуратура делегацияс...
Сот кызматкерлери улуттук идеологияны даңазалады
Талас облусу | Калыс сот – элдин тиреги
"Ар бир добуш - өлкөнүн эртеңине кошулган салым". М.Сатыев №1046 шайлоо участогунан доб...
Н.Бакирова КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулары ме...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...