KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нургул Бакирова КТУ «Манас» университетинин жетекчилиги менен соттордун илимий жана агартуу ишмердүүлүгүнө катышуусун талкуулады

02 июля 2025

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын административдик иштер боюнча орун басары Нургул Бакирова Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору Алпаслан Жейлан мырза менен жолугушту.


Жолугушуунун алкагында учурдагы шарттарда юридикалык кадрларды даярдоонун маселелери талкууланып, Кыргыз Республикасынын судьяларынын университет өткөрүп келген илимий жыйындарга катышуусу жана Жогорку соттун өкүлдөрү тарабынан студенттер үчүн ачык лекциялардын уюштурулушу тууралуу пикир алмашуу болду.


Нургул Бакирова университеттин мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого кошкон салымын жогору баалап, судьялардын билим берүү жаатындагы катышуусу жаштардын укуктук маданиятын жана аң-сезимин көтөрүүгө өбөлгө болорун белгиледи.


Жолугушууга университеттин жетекчилиги жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппаратынын өкүлдөрү катышты.


Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар Жогорку соттун судьяларынын лекциялары жаштар арасында укуктук сабаттуулукту жогорулатууга, сот системасына болгон ишенимди бекемдөөгө жана сот өндүрүшү тууралуу маалымдуулукту арттырууга олуттуу салым кошо турганына бир добуштан макул болушту.


Белгилей кетсек, Нургул Бакированын бул сапары жаштардын сот системасы тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга багытталган иш-чаралар планынын алкагында ишке ашырылды.


Маалым болгондой, Кыргыз-Түрк «Манас» университети акыркы үч жыл катары менен дүйнөнүн мыкты 1000 университетинин катарына (QS рейтинги боюнча) кирип, Азия университеттеринин арасында 230-орунду жана Борбор Азиядагы 10-орунду ээледи.



Видео-блок

Н.Бакирова: «Судьяларга методикалык жардам көрсөтүү, айрым катачылыктардын алдын алат»
Калыс сот – элдин тиреги | Талас облусу
Калыс сот – элдин тиреги | Нарын
Уңгужол боюнча жумушчу топтун алгачкы отуруму болду
Калыс сот – элдин тиреги | Талас | Чүй

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...