KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова Япониянын Юстиция министрлигинин укуктук маселелер боюнча илимий-изилдөө институтунун профессору менен жолугушту

10 декабря 2025

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова бүгүн, 2025-жылдын 10-декабрында, Япониянын Юстиция министрлигинин укуктук маселелер боюнча илимий-изилдөө институтунун эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн профессору (прокурору) Оку Даики менен жолугушуу өткөрдү.


Жолугушуунун жүрүшүндө Нургуль  Бакирова Кыргызстандын сот тутуму, судьяларды тандоо тартиби, сот системасын санариптештирүү боюнча кеңири маалымат берип, өзгөчө Жогорку сот менен Юстиция министрлигинин кызматташуусу тууралуу белгилеп өттү.


«Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен Юстиция министрлигинин кызматташтыгы өлкөнүн укук тутумун өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири болуп саналат. Бул өз ара аракеттенүү сот практикасын жакшыртууга, мыйзамдардын сапатын жогорулатууга жана жарандардын адилет сотко жетүүсүн камсыздоого багытталган.


Кызматташуунун маанилүү багыттарынын бири Жогорку сот менен Юстиция министрлигинин мыйзамдардагы көйгөйлөрдү анализдеп, жоюу боюнча биргелешкен жумушчу топторго катышуусу болуп саналат.


Айрыкча, 2025-жылы түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтун мааниси чоң. Ага Жогорку соттун, Юстиция министрлигинин, прокуратуранын жана башка мамлекеттик органдын өкүлдөрү кирет. Жумушчу топтун негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет:


— сот практикасынын жүрүшүндө аныкталган колдонуудагы мыйзамдардагы боштуктарды жана карама-каршылыктарды табуу;


— мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо;


— сапатсыз укуктук нормалардан келип чыккан коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу.


Бул жумушчу топтун түзүлүшү аркылуу соттордо жана башка мамлекеттик органдарда мыйзамдарды колдонууда жаралган негизги кыйынчылыктар боюнча маалыматты үзгүлтүксүз чогултууга шарт түзүлдү. Ал маалыматтар талданып, мыйзамдарды жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууда колдонулат. Ошентип, мындай механизмди түзүү укук колдонуу практикасы менен мыйзам чыгаруучулук процесси ортосунда системалык байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк берет», — деди Нургуль  Бакирова.


Өз кезегинде Оку Даики жылуу кабыл алгандыгы жана сот системасынын иши менен таанышып, жогорку сот органына баруу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өтүп, меймандар кызыктырган суроолорун  беришип, аларга кеңири жана толук жооптор берилди.


Видео-блок

Ар бир сотко баа берилет. Жалал-Абад облусунун сотторунун 2025-жылдагы иштери каралды
ЭлТР: ӨТКӨН ЖЫЛЫ БИШКЕКТИН РАЙОНДУК СОТТОРУНДА 105 МИҢДЕН АШУУН ИШ КАРАЛДЫ
"Сотторго бааны эл берет!" М.Сатыев Талас областынын жергиликтүү сотторунун иши менен ...
НОМАД ТВ: Что нужно знать о разводе и алиментах в Кыргызстане
Көрсөткүчтөрү жакшы жана начар судьялар аталды. М.Сатыев иш сапары менен Ысык-Көл облус...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...