2026-жылдын 22-майында Бишкек шаарында «Кыргыз Республикасында орган донорлугу жана трансплантациясы» аттуу эл аралык симпозиум өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Түрк тилдүү өлкөлөрдүн трансплантологдор ассоциациясы тарабынан уюштурулуп, ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, медициналык коомчулук, ата мекендик жана чет өлкөлүк эксперттер, трансплантология, нефрология, хирургия тармагындагы адистер катышты.
Нургуль Бакирова орган донорлугу жана трансплантация жаатындагы укуктук кепилдиктер, мыйзамдарды өркүндөтүү жана бейтаптардын укуктарын сот аркылуу коргоо маселелерине арналган баяндама жасады.
Өз сөзүндө Нургуль Бакирова адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна байланышкан маселелер мамлекет үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, трансплантологиянын өнүгүшү медициналык жетишкендик гана эмес, коомдун гуманитардык жана укуктук өнүгүүсүнүн көрсөткүчү экенин айтты.
“Орган трансплантациясын өнүктүрүү — бул миңдеген жарандардын өмүрүн сактап калууга багытталган маанилүү кадам. Мындай шартта мыйзамдардын тактыгы, ачыктыгы жана бейтаптардын укуктарын натыйжалуу коргоо өзгөчө мааниге ээ”, — деп белгиледи Нургуль Бакирова.
Ошондой эле ал трансплантация тармагында биоэтика маселелерин жөнгө салуу, жарандардын укуктарын камсыз кылуу жана медициналык кызматкерлердин жоопкерчилигин мыйзам чегинде так аныктоо зарылдыгына токтолду.
Төраганын орун басарынын айтымында, сот системасы мындан ары дагы адамдын конституциялык укуктарын коргоону камсыз кылуу менен бирге, саламаттык сактоо тармагындагы мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү бекемдөөгө багытталган демилгелерди колдоону улантат.
Симпозиумдун жүрүшүндө катышуучулар орган донорлугун өнүктүрүү, донорлук системаны киргизүү, донорлор менен реципиенттердин улуттук реестрлерин түзүү, ошондой эле эл аралык тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.
Иш-чара конструктивдүү диалог жана тажрыйба алмашуу форматында өттү.

