KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова Кыргыз Республикасынын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү өткөргөн онлайн жолугушууга катышты

13 марта 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 13-мартында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова Кыргыз Республикасынын балдар укугу боюнча  ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева уюштурган  онлайн жолугушууга катышты.


Жолугушууда балдар укугун коргоо жаатында  сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.


Өз сөзүндө Нургуль Бакирова бүгүнкү күндө коомдун эң курч жана оор көйгөйлөрүнүн бири болгон балдардын укугун коргоо, анын ичинен орчундуусу балдарга карата жасалган кылмыштар, ошондой эле балдар өздөрү жасаган кылмыштар боюнча маалымат берди.


Бул боюнча, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук тажрыйбаны жалпылоо, соттук статистиканы анализдөө жана Пленумдун ишин камсыздоо бөлүмү тарабынан даярдалган 18 жашка чейинки курактагы жашы жете элек балдар тарабынан жасалган жана аларга карата жасалган кылмыштар боюнча биринчи инстанциядагы соттор тарабынан 2024-жылы каралган кылмыш иштери тууралуу 2023-жылга салыштырмалуу статистикалык маалыматтар даярдалгандыгын айтты.


Бул салыштырмалуу анализ, балдар арасында кылмыштуулуктун динамикасын ошондой эле, жасалган кылмыштардын категорияларын аныктоо максатында жүргүзүлгөндүгүн кошумчалады.


Өз кезегинде Асель Чынбаева   2025-жылдын 7-11-апрелге чейин  Кыргыз Республикасына иш сапар менен  БУУнун  Балдар  укуктары боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Браги Гудбрансон мырза  жана  Комитеттин мүчөсү Тувайба Ал-Барвани айымдын  келе тургандыгын маалымдады.


Онлайн жолугшууга катышкан  министрлик-ведомстволордун өкүлдөрү аталган меймандардын келишине  карата уюштуруу маселелерин талкуулашты.


 



 


Видео-блок

Президент: "Соттун таразасы калыс болсо, элдин ишеними бекем болот". Кыргыз Республикас...
Кыргыз Республикасынын судьяларынын XIII курултайы болуп өттү. Үч жылда эмнелер аткарылды?
Ар бир жаран соттордун ишине баа бере алат!
Сот бийлиги мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуусу керек. Жогорку соттун Пленуму
"Калыс сот - элдин таянычы". Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин Пленумдагы сөзү. (тол...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...