Бүгүн, 2026-жылдын 4-июнунда, Казакстан Республикасынын Жогорку сотунда Административдик укук боюнча Евразия конгрессин түзүү жөнүндө Декларацияга кол коюу аземи өттү.
Документ Казакстан Республикасында административдик юстиция институтунун киргизилгендигинин беш жылдыгына карата уюштурулган «Административдик юстиция жана анын укук үстөмдүгүн камсыздоодогу ролу» аттуу эл аралык форумдун алкагында кабыл алынды.
Иш-чарага катышуу үчүн Германия, Кыргыз Республикасы, Тажикстан, Өзбекстан, Түркия жана Азербайжандын жогорку сот органдарынын өкүлдөрү келишти. Форумдун ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова катышты.
Катышуучулар административдик сот өндүрүшүн өнүктүрүүнү жана мамлекет менен болгон мамилелерде жарандардын укуктарын коргоо чөйрөсүнө алдыңкы ыкмаларды киргизүү маселелерин талкуулашты. Конгрессти түзүү демилгесин форумдун уюштуруучусу – Казакстан Республикасынын Жогорку соту көтөрүп чыкты.
Нургуль Бакирова өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи: «Административдик сот адилеттигинин маселелери боюнча бүгүнкү пикир алмашуу административдик сот өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, коомдук укук чөйрөсүндө жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо бирдиктүү мамилелерди калыптандырууга өбөлгө түзөт.
Укуктук мамлекетте адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери жогорку баалуулук катары таанылып, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн маңызын жана мазмунун аныктайт. Аларды коргоо, албетте, тиешелүү укуктук инструменттер менен камсыз кылынышы керек».
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын орун басары декларациянын кабыл алынышы менен судьялар үчүн актуалдуу маселелерди талкуулай турган кошумча аянтча пайда болорун баса белгиледи.
Форумдун биринчи күнүнүн алкагында Нургуль Бакирова Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Асламбек Мергалиевдин 2026-жылдын 2-июнундагы чечими менен «Эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» медалы менен сыйланды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Административдик укук боюнча Евразия конгрессинин экинчи жыйынын Өзбекстан Республикасында өткөрүү пландалып жатканы да белгилүү болду.

