Бишкек шаарында «Кыргызстан аял-соттор ассоциациясы» коомдук уюмунун «Аялдар жана кыздардын адилеттикке жетүүсү. Гендердик зомбулуктун алдын алуу» темасындагы XI жылдык конференциясы болуп өттү.
Иш-чара онлайн жана офлайн форматында өтүп, аялдар менен кыздардын адилеттикке жетүүсүн жогорулатууга, ошондой эле гендердик зомбулуктун тобокелдиктерин азайтуу боюнча натыйжалуу стратегияларды иштеп чыгууга багытталган маанилүү маселелерди талкуулоо үчүн эксперттер менен практиктерди бириктирди.
Конференциянын катышуучуларына кайрылуу сөздөрүн ОО «Кыргызстан аял-соттор ассоциациясынын» Байкоочу кеңешинин төрайымы, отставкадагы судья Гүлнара Дүйшөнбекова, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаев, Судьялар кеңешинин төрайымы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Аида Сейдакматова айтышты.
Ошондой эле Омбудсмен институтунун жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү, өнөктөштөр — Бишкектеги ОБСЕнин Программалык кеңсеси, БУУнун Өнүктүрүү программасы жана БУУнун Баңги заттары жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын Кыргыз Республикасындагы Программалык кеңсеси да сөз сүйлөштү.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин сөзүн төраганын орун басары Нургүл Бакирова окуду.
«Конференциянын темасы демократиялык укуктук мамлекеттин фундаментин түзгөн принциптерди камтыйт жана адам укуктарын камсыз кылуу, укуктун үстөмдүгү жана сот системасынын натыйжалуу иштеши менен тыгыз байланышта.
Адилеттикке жетүү — Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мамлекетибиз ратификациялаган эл аралык документтерде, анын ичинде Аялдарга карата бардык түрдөгү дискриминацияны жоюу жөнүндө конвенцияда бекитилген теңдик принциптерин ишке ашыруунун негизги элементи.
Бирок практикалык турмушта аялдар жана кыздар эркектерге караганда көбүрөөк жана олуттуу укуктук, экономикалык, социалдык-маданий жана институционалдык тоскоолдуктарга туш болууда. Алардын катарында: өз укуктарын коргоо механизмдери тууралуу маалыматтын жетишсиздиги, юридикалык жардамга төлөө мүмкүнчүлүгүнүн чектелүү болушу, коомчулуктун айыптоосунан коркуу, мамлекеттик органдардын гендерге байланышкан укук бузууларга жетиштүү сезимтал болбогондугу.
Өзгөчө аялуу топко — кыздар кирет. Алар ресурстарга өз алдынча жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес, чоңдорго көз каранды жана көп учурда өз кызыкчылыктарын коргой турган механизмдерге жетишпейт», — деди Нургуль Бакирова.
Катышуучулардын көңүлүн көйгөйлөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын сот системасы аялдар менен кыздардын өз укуктарын коргоого болгон реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багытында ырааттуу иш жүргүзүп келе жатканына. 2024-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму гендердик мүнөздөгү укук бузуулар жана жашы жете электердин укуктарын коргоо боюнча иштерди кароодо сот практикасындагы бир өңчөмдүүлүктү камсыз кылуу максатында маанилүү токтом кабыл алган. Бул токтом аялдар менен кыздардын укуктарын коргоого багытталган нормативдик базаны чыңдап, соттор жетекчиликке алууга тийиш болгон бир катар принциптерди бекемдеди.

