Бүгүн, 2025-жылдын 28-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төраганын орун басары Нургуль Бакирова Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик Ассамблеясынан келген жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кезексиз шайлоону даярдоо жана өткөрүү процесстерине эл аралык мониторинг жүргүзүп жаткан эл аралык байкоочулар тобу менен жолугушту.
Жолугушууга Бишкек шаарынын Административдик сотунун төрагасы Азис Эшалиев жана судья Эрмек Иманалиев да катышты.
Эл аралык байкоочулар тобунун координатору, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Мыйзам чыгаруу жана сот-укук реформасы комитетинин төрайымы Снежанна Имашева болду.
Снежанна Имашева башында турган байкоочулар тобу республикадагы шайлоону уюштурууга мониторинг жүргүзүүгө киришкенин айтып, буга байланыштуу координатор жана аталган топтун мүчөлөрү шайлоо укуктарынын бузулушуна жана алар боюнча талаш-тартыштарды чечүүгө тиешелүү суроолорду белгилешти.
Жолугушууда Нургуль Бакирова акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын соттору шайлоо талаш-тартыштарын ыкчам жана ачык кароо боюнча туруктуу практика түзүлгөндүгүн белгиледи.
«Жарандар, ошондой эле шайлоо процессинин башка катышуучулары — шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, алардын өкүлдөрү, ишенимдүү адамдар, байкоочулар жана бейөкмөт уюмдар өздөрүнүн шайлоо укуктарын коргоо үчүн жоопкер тарап жайгашкан жердеги биринчи инстанциядагы сотко кайрылууга укуктуу. Биринчи инстанциядагы соттун чечими үч күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Кассациялык инстанциянын токтому акыркы болуп саналат жана кайрадан даттанууга жатпайт», — деди Нургуль Бакирова.
Бишкек шаарынын Административдик соту берген маалыматка ылайык, 2025-жылдын 28-ноябрына карата кезексиз шайлоого байланыштуу 12 арыз түшкөн. Алардын ичинен сегиз иш боюнча биринчи инстанциянын сот актылары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кассациялык тартипте даттанылган. Карап чыгуу жыйынтыгында бул сегиз сот актысынын бардыгы күчүндө калган.
Каралган иштер боюнча даттануунун предмети болуп депутаттыкка талапкерлерге коюлган талаптарга ылайык келбегендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимдери жана аракеттери (аракетсиздиги) эсептелет.
Байкоочулар улуттук мыйзамдардын бир катар оң жактарын белгилеп, жакшы каалоолорун билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Тургунбек уулу Нурланбектин чакыруусуна ылайык жана ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын төрагасы, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы В.В. Володиндин тапшырмасы боюнча ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынан 2025-жылдын 30-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүнө эл аралык мониторинг жүргүзүүгө катышуу үчүн эл аралык байкоочулар тобу түзүлгөндүгүн белгилейбиз.

