Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова жана административдик иштер боюнча коллегиясынын судьясы Эльмира Байтикова судьяларга практикалык жана методикалык жардам көрсөтүү максатында жумушчу сапары менен Ош облусунда болушту.
Жогорку соттун судьялары тарабынан иштердин өз мөөнөтүндө каралышы, соттук актылардын аткарылышы жана статистикалык отчёттуулук маселелери каралды.
Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев аймактарга болгон иш сапарда, соттордун кетирип жаткан кемчиликтерин көрүп, Жогорку соттун судьялары тарабынан методикалык жардам көрсөтүлө тургандыгын билдирген.