KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова: «Манас» университети — жалпы түрк дүйнөсүнүн руханий казынасы, маданий борбору

18 сентября 2025

Бул туурасында  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова Кыргыз-Түрк Манас университетинин  30 жылдыгына байланыштуу иш чарада билдирди.


Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы     Адылбек Касымалиев, Түркия Республикасынын Вице-президенти        Жевдет Йылмаздын, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, миниситрлик-ведомстволордун катышуусунда Кыргыз-Түрк Манас университетинин  30 жылдык мааракеси  белгиленди.


Иш чарада сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова Кыргыз-Түрк «Манас» университети бүгүнкү күндө мыкты билим гана бербестен, илимде да лидердик кылып, жаңычылдыкка умтулуп, эл аралык деңгээлде таанылган илимий борборго айлангандыгын белгиледи.


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде  билим алып жаткан ар бир студент эртеңки күнү элине кызмат кылчу адис, дүйнөгө жол тартчу билимдүү муун деп ойлойм.


Кыргыз эли ар дайым билимди улуу касиет катары баалап келген. «Илим — чырагым, билим — булагым» деп айтылат. Түрк боордошторубуз да «Билим — дүйнөнүн ачкычы» деп айтышат.


30 жыл аралыгында  кыргыз-түрк Манас  университетинен миңдеген адистер билим алып, коомго кызмат кылып жатат. Алардын ар бири эки элдин ортосундагы достуктун  күбөсү. Бул окуу жайда кыргыз, түрк гана эмес, башка түрк мамлекеттеринен келген жаштар да билим алууда. Демек, «Манас» университети — жалпы түрк дүйнөсүнүн руханий казынасы, маданий борбору.


Эки мамлекеттин өкмөттөрү бул университетти ачуу менен чоң иш жасаган деп эсептейм. Анткени билим берүүдөгү кызматташтык — бул эң бекем пайдубал. Билимге жасалган инвестиция — келечек муунга жасалган түбөлүктүү салым.


Ушул жылдар аралыгында «Манас» университети мыкты шарттары, сапаттуу билим берүүсү,  көп тилдүүлүктү өнүктүрүүсү менен айырмаланып келет.


Кыргыз, түрк, англис, орус тилинде билим алган жаштар дүйнөнүн каалаган бурчунда атаандашууга жөндөмдүү болуп чыгышууда.


Бүгүнкү күндө Кыргыз-Түрк «Манас» университети акыркы үч жыл катары менен дүйнөнүн мыкты 1000 университетинин катарына (QS рейтинги боюнча) кирип, Азия университеттеринин арасында 230-орунду жана Борбор Азиядагы окуу жайлардын ичинен  10-орунду ээлеген.


«Кыргыз-түрк «Манас» университетинин аты жөн гана билим ордосуна ыйгарылган ат эмес. Бул — улуттун жүрөгүн сактап турган  Манастын ыйык ысымы.  Анткени, “Манас” эпосу Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсү үчүн маанилүү.  Андыктан, бүгүн аталган  университет да түрк элдеринин балдарын бир түндүктүн астына чогултуп, достукту, ынтымакты жана биримдикти чыңдап келе жатат.


Манастын атын алып жүргөн ар бир жаш илимдин, адептин, биримдиктин даңазалоочусу болушу керек. Себеби «Манас» деген ысымдын өзү — улуу жоопкерчилик, татыктуу мурас жана келечекке аманат”, — деп белгиледи Нургуль Бакирова.


Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ортосунда түзүлгөн тыгыз кызматташтык жана байланыштардын бекемделишине байланыштуу Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургуль Бакировага университеттин 30 жылдык мааракесине арналган юбилейлик медаль ыйгарылды.


 


Видео-блок

Ар бир жаран соттордун ишине баа бере алат!
Санариптик сот адилеттиги: КР сот системасынын жаңы кадамдары
Жогорку сот менен «Түндүк» санариптик өнүгүү маселесин карашты
Медербек Сатыев Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Автоматизированная информационная система "Суд 3.0": цифровое будущее правосудия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...