Бүгүн, 2025-жылдын 13-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотутунун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (БДИПЧ) шайлоону байкоо миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууга ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун шайлоону байкоо миссиясынын укуктук маселелер боюнча талдоочусу Зелиха Айдын, талдоочунун ассистенти Миргул Маматалиева, ошондой эле Бишкек шаарынын Административдик сотунун төрагасы Азис Эшалиев, Жогорку соттун Административдик иштер боюнча судьялардын ишин камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Айкөкүл Маатова жана Коом менен байланышуу, массалык маалымат каражаттары жана эл аралык катнаш бөлүмүнүн улук референти Даир Абдуллоев катышышты.
Аталган миссиянын өкүлдөрү алдыдагы Жогорку Кеңешке боло турган шайлоолорго байкоо жүргүзүү максатында келишкен.
Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова өз сөзүндө демократиялык мамлекеттерде шайлоо бийликтин легитимдүүлүгүнүн белгиси жана жарандардын эркин шайланышын камсыз кылган маанилүү институттардын бири экендигин айтты. Шайлоо процессинин калыстыгы, ачыктыгы жана мыйзамдуулугу демократиянын негизи болуп саналат жана бул принциптерди камсыз кылууда соттордун ролу чоң экендигин белгиледи.
“Шайлоо мезгилинде соттор өз функцияларын толук жана натыйжалуу аткарышы үчүн, алар калыс, көз карандысыз жана жогорку квалификациялуу болушу керек. Башкача айтканда, соттор саясий партиялардын, талапкерлердин, бийликтин башка бутактарынын таасиринен жана тышкы кысымдардан эркин болууга, ошондой эле шайлоо мыйзамдарын терең билүүгө жана жетиштүү укуктук тажрыйбага ээ болууга тийиш.
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлгөн учурда шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү үчтөн бир бөлүккө кыскартылат.
Ушуга байланыштуу, шайлоо талаштарына байланышкан иштер соттордо кыскартылган мөөнөттөрдө каралат: биринчи инстанциядагы сотто — 3 күндүн ордуна 2 күндө, кассациялык инстанциядагы сотто — 5 күндүн ордуна 3 күндүн ичинде.
Бирок Административдик-процесстик кодексте шайлоо талаштарына байланышкан иштерди кыскартылган мөөнөттөрдө кароо каралган эмес.
Ошентсе да, укуктук иерархия боюнча конституциялык мыйзам кодекске караганда жогору турганын эске алуу менен, соттор мындай иштерди ылдамдатылган тартипте карашат.
Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 20-беренесине ылайык, шайлоого даярдык учурунда келип түшкөн арыздар биринчи инстанциядагы сот тарабынан алар берилген күндөн тартып үч күндүн ичинде, бирок добуш берүү күнүнүн алдындагы күндөн кеч эмес каралышы керек.
Ал эми кассациялык инстанциядагы сот иш келген күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде карайт, ал эми добуш берүү күнү же андан кийинки күнү келип түшкөн арыздар — дароо каралышы зарыл.
Арыздарды берүү мөөнөтү калыбына келтирүүгө жатпайт, бул өз кезегинде шайлоо укуктарын белгиленген мөөнөттөрдүн ичинде ыкчам коргоо зарылдыгын тастыктайт”, — деп билдирди Нургуль Бакирова.
Жолугушуунун соңунда тараптар шайлоо процессинин мыйзамдуулугун камсыз кылууда сот бийлигинин ролу, ошондой эле эл аралык стандарттарга шайкеш укуктук практиканы өнүктүрүү маселелерин талкуулап, мындан аркы кызматташтыкты улантуу ниетин билдиришти.

