Бүгүн, 2025-жылдын 13-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетинин КМШ байкоочулар миссиясынын ишмердүүлүгүн камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Евгений Козяк менен КМШ Аткаруу комитетинин кеӊешчиси Олег Кулеба менен жолугушту.
Жолугушууга ошондой эле Бишкек шаарынын Административдик сотунун төрагасы Азис Эшалиев, Жогорку соттун Административдик иштер боюнча судьялардын ишин камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Айкөкүл Маатова жана Коом менен байланышуу, массалык маалымат каражаттары жана эл аралык катнаш бөлүмүнүн улук референти Даир Абдуллоев катышышты.
Өз сөзүндө Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын соттору шайлоо талаштарын ыкчам жана ачык кароо боюнча туруктуу практика түзүшкөндүгүн айтты. Жарандар, ошондой эле шайлоо процессинин башка катышуучулары – шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, алардын өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары, байкоочулар жана коммерциялык эмес уюмдар өздөрүнүн шайлоо укуктарын коргоо максатында жоопкер жайгашкан жердеги биринчи инстанциядагы сотко кайрылууга укуктуу.
“Биринчи инстанциядагы соттун чечими үч күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Кассациялык инстанциядагы соттун токтому акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт.
Соттордун шайлоо процессиндеги ролу укуктук мамлекетти куруунун жана жарандардын укуктарын коргоонун негизги кепилдиги болуп саналат. Сот системасы шайлоолордо мыйзамдуулуктун сакталуусун, талаш-тартыштарды адилеттүү чечүүнү камсыз кылып, жарандардын бийликке болгон ишенимин бекемдейт.
Кыргыз Республикасынын сот системасы эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен, өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана улуттук өзгөчөлүктөрүн сактоо шартында, шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык соттук практиканы мындан ары да өркүндөтөт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоолор аяктагандан кийин, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту шайлоо процессинин субъекттеринин шайлоо укуктарын коргоо боюнча биринчи жана кассациялык инстанциядагы соттор тарабынан каралган административдик иштер боюнча кабыл алынган сот актыларына талдоо жүргүзөт.
Бул талдоонун жыйынтыгында аталган категориядагы иштерди кароонун бирдиктүү соттук практикасын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомун кабыл алуу маселеси каралат”, — деп билдирди Нургуль Бакирова.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар сот системасынын шайлоо процессиндеги ролун, ошондой эле шайлоо укуктарын коргоо багытындагы ишмердүүлүктүн ачыктыгын жана ыкчамдыгын камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.
КМШ байкоочулар миссиясынын өкүлдөрү өз кезегинде алдыдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мөөнөтүнөн мурда боло турган шайлоолорду байкоо максатында келишкендигин билдиришти. Алар шайлоо процессинин мыйзамдуу жана адилеттүү өтүшүнө көз салуу, ошондой эле сот системасынын шайлоо талаштарын кароодогу ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча байкоо жүргүзөрүн белгилешти.
Жолугушуу конструктивдүү мүнөздө өтүп, тараптар мындан аркы өз ара кызматташууну улантуу боюнча пикир алышышты.
Белгилүү болгондой, шайлоолорго байланыштуу Бишкек шаарынын Административдик соту 2025-жылдын 25-октябрынан 22-декабрына чейин, ал эми Жогорку соттун судьялары ушул жылдын 8-ноябрынан 30-ноябрына чейин нөөмөт тартибинде иш алып барышат.

