2026-жылдын 26-июнунда Бишкек шаарында «Аялдардын лидерлиги» темасындагы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Аялдар форуму өз ишин баштады.
Форумдун ишине ШКУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү жана эксперттик коомчулук катышты.
«Аялдардын лидерлиги: аялдардын саясий жана коомдук чечимдерди кабыл алуудагы ролу» аттуу биринчи панелдик сессиянын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова баяндама жасады.
Баяндама Кыргыз Республикасынын сот бийлиги органдарындагы аялдардын өкүлчүлүгү жана гендердик теңчиликти камсыздоонун укуктук механизмдери темасына арналды.
Өз сөзүндө Нургуль Бакирова эркектер менен аялдардын тең укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, бул демократиялык институттарды чыңдоонун жана жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин арттыруунун маанилүү шарты экенине токтолду.
Ал өлкөдө гендердик теңчиликти камсыз кылууга багытталган укуктук негиздер калыптанганын, анын ичинде Конституциядагы кепилдиктер, эркектер менен аялдардын тең укуктары жана тең мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө мыйзамдардын жоболору, ошондой эле судьялардын статусу тууралуу конституциялык мыйзамдагы судьялык корпусту түзүүдө гендердик тең салмактуулукту сактоону караган нормалар бар экенин белгиледи.
Баяндамада аялдардын сот адилеттигин ишке ашыруудагы ролуна, сот тутумун өнүктүрүүгө кошкон салымына жана жарандардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоодогу ордуна өзгөчө көңүл бурулду.
Нургуль Бакирова ошондой эле Кыргызстан сот системасында аялдардын өкүлчүлүгү боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы орундардын бирин ээлерин белгилеп, ошол эле учурда жетекчилик кызматтарда аялдардын катышуусун кеңейтүү, кесиптик өсүү мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүү жана судьялык кесипти тандаган жаш адистерди колдоо маселелери актуалдуу бойдон калып жатканын айтты.
Мындан тышкары, сот системасындагы гендердик саясатты андан ары өркүндөтүүнүн негизги багыттары катары насаатчылык институтун өнүктүрүү, судьялардын квалификациясын жогорулатуу, кесиптик өнүгүүгө бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана чечим кабыл алуу процесстеринде аялдардын ролун күчөтүү маселелери белгиленди.
Сөзүнүн соңунда Нургуль Бакирова ШКУнун алкагындагы эл аралык кызматташтыктын, гендердик теңчиликти камсыздоо жаатындагы алдыңкы тажрыйбаларды алмашуунун маанисин баса белгилеп, форумдун жыйынтыктары аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана алардын уюмга мүчө мамлекеттердин коомдук жана мамлекеттик турмушундагы ролун бекемдөөгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.

