KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча эл аралык тегерек столдо сөз сүйлөдү

21 мая 2026

2026-жылдын 21-майында  Казакстан Республикасынын Астана шаарында «Баланын эң жакшы кызыкчылыгы — сот адилеттигинин негизи: эл аралык стандарттар жана улуттук сот адилеттиги» аттуу эл аралык тегерек стол башталды.


Иш-чара Казакстан Республикасынын Жогорку соту, Казакстан Республикасынын Сот администрациясы тарабынан ЮНИСЕФ, ЕККУнун программалык кеңсеси жана «Право» фонду менен биргеликте уюштурулду.


Тегерек столдун ишине жогорку соттордун жана ар кандай инстанциялардагы соттордун судьялары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын, прокуратуранын өкүлдөрү, адвокаттар жана бир катар мамлекеттерден келген балдардын укуктарын коргоо жаатындагы эксперттер катышты.


Кыргыз Республикасынан иш-чарага онлайн-форматта Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын орун басары, юридика илимдеринин кандидаты Нургуль Бакирова катышып, балдардын укуктарын коргоо жаатындагы улуттук жана эл аралык мыйзамдарды соттор тарабынан колдонуу маселелерине арналган баяндама жасады.


Өз сөзүндө Нургуль Бакирова балдардын укуктарын коргоо жана камсыз кылуу маселелери эл аралык коомчулуктун көңүл борборунда экенин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын белгиледи.


Төраганын орун басары бул жааттагы негизги эл аралык документ болуп Кыргыз Республикасы 1994-жылы ратификациялаган Балдардын укуктары жөнүндө конвенция эсептелерин баса белгиледи. Анын айтымында, Конвенциянын принциптери жана ченемдери өлкөнүн улуттук мыйзамдарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын «Балдар жөнүндө» кодексине ырааттуу түрдө киргизилген.


Баяндамада жашы жете электердин укуктарын сот аркылуу коргоо маселелерине, ошондой эле балдардын сот процесстерине ыңгайлуу шарттарда катышуусун камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын сот системасы тарабынан көрүлүп жаткан чараларга өзгөчө көңүл бурулду.


Нургуль Бакирова Кыргыз Республикасынын сот имараттарында кылмыштын курмандыгы же күбөсү болгон, ошондой эле мыйзам менен карама-каршылыкка келген балдар үчүн атайын бөлмөлөр түзүлгөнүн белгиледи. Анын айтымында, мындай бөлмөлөр соттук териштирүү мезгилинде бала үчүн коопсуз жана достук чөйрөнү түзүүгө өбөлгө түзөт.


Мындан тышкары, сөз сүйлөө учурунда балдардын укуктарын коргоого байланышкан иштердин санынын өсүшү тууралуу маселе дагы көтөрүлдү. Алсак, статистикалык маалыматтарга ылайык, 2025-жылы Кыргыз Республикасынын биринчи инстанциядагы сотторуна балдардын укуктарын коргоого байланышкан 6 227 жарандык иш келип түшкөн, бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 8,4 пайызга көп.


Жогорку соттун төрагасынын орун басары мыйзамдарды мындан ары өркүндөтүүнүн, судьялардын адистешүүсүн өнүктүрүүнүн жана жашы жете электерди соттук коргоо механизмдерин чыңдоонун маанилүүлүгүн дагы белгиледи.


Тегерек столдун алкагында катышуучулар балага ыңгайлашкан сот адилеттигинин эл аралык стандарттарын, ошондой эле сот системасында жашы жете электердин укуктарын коргоонун заманбап ыкмаларын талкуулашты.


Иш-чаранын жыйынтыгында ар кайсы мамлекеттердин сот системаларынын өкүлдөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу болуп, балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо механизмдерин мындан ары өркүндөтүү боюнча сунуштар иштелип чыкты.



Видео-блок

Как экономический суд СНГ помогает Кыргызстану и бизнесу?
Медиация: сотко жетпей чечилген талаштар
Возможности медиации: можно ли решить спор без суда?
Медербек Сатыев Кыргызстандагы БУУнун координатору Антье Граве менен жолугушту
В судах первой инстанции запущена система электронных уведомлений

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...